«Ишсиз калышат». Бекешев таксини лицензиялоо жөнүндө мыйзам долбоорун сынга алды

Таксини лицензиялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алуу паракорлукка жана таксисттердин митингине алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев Телеграм каналында билдирди.

«Бул мыйзам долбоорун жаңы деп айтууга болбойт, Транспорт министрлиги буга чейин деле бир нече жолу таксистерди көзөмөлдөгүсү келген демилгесин сунуштаган. Бул жолкусун мыйзам долбоорун ИИМ демилгелеп, [парламенттин] эки комитети милицияны колдоп берди», — деп жазды Бекешев.

Бекешев мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин оң рулдуу унаалардын айдоочулары лицензия ала албай, мыйзам сыртында каларын билдирди. Анын айтымында, «оң рулдуу унаалардын айдоочуларына 2020-жылдан тартып эле такси кылууга тыюу салынган, бирок аны сактабоо үчүн жоопкерчилик жана көзөмөлдөөчү орган болгон эмес».

Депутаттын айтымында, ИИМ лицензия болжолдуу 500 сом болот деп жатат. Бирок, эл өкүлүнүн айтымында, бул башталышы гана.

«Андан кийин талаптар көбөө баштайт. Бизде унаалардын 85%ы эски, баары эле коюлган талаптарды аткара албайт. Бул талаптар аркылуу компаниялар атаандаштарын жоготууну сүрөмөлөй алышат. Кимдир бирөө таксилерди сарыга боёш керек деп чыгат, анан аны талап кылып киргизишет. Бул алыскы келечектин иши, ал эми жакынкысы — мыйзам кабыл алынгандан кийин таксисттердин митингдери. Себеби көбү акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калат», — деп эсептейт депутат.

Бекешев мыйзамда таксисттерге көптөгөн талаптар жүктөлүп жатканын эске салды:

  • патент сатып алуу аркылуу салык жана Соцфондго камсыздандыруу төлөмдөрүн төгүү;
  • жүргүнчү ташууга камсыздандыруу полисин алуу;
  • 1-апрелге чейин автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полисин алуу;
  • милдеттүү түрдө техкароодон өтүү (лицензиялоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирери менен ченемди аткарууга туура келет);
  • 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМ алуу;
  • таксини лицензиялоо жөнүндө мыйзамын аткаруу боюнча мыйзам актылары күчүнө кирген күндөн тартып лицензия сатып алуу.

«Дагы бир жолу айтайын, таксисттердин көбүнүн унаасы эски, баары эле бул талаптын баарын парасыз аткара албайт», — дейт Бекешев.

ИИМдин мыйзам долбоору

Такси айдоочуларын иши үчүн лицензия алууга милдеттендирген «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү» мыйзамына түзөтүүлөрдү ИИМ 2022-жылдын май айында демилгелеген. Анда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Азыр мыйзамда жүргүнчүлөрдү ташыган жеңил унаа таксилерин кошпогондо, жүргүнчүлөрдү ташыган автотранспорт каражаттары лицензия алууга милдеттүү деп жазылган. ИИМ таксини милдеттендирбеген бул боштукту алып салууну сунуштап жатат.

Ведомство бул чара таксисттердин ишмердүүлүгүнө экономикалык жактан «анчейин деле таасир» этпейт, максаты «пайда көрүү эмес, жүргүнчү ташуунун коопсуздугун камсыздоо» деп эсептейт.

Учурда таксисттер ыктыярдуу патент менен иштешет. ИИМ бул рынокто жүргүнчү ташуучулардын, кичи автобустардын жана жеңил таксилердин (мисалы, «минивэндердин») ортосунда тең эмес атаандаштыкка алып келип жатат деп айткан. Мындан тышкары, министрликтен бүгүнкү күндө машинасы бар адамдын баары жүргүнчү ташуунун коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды сактабастан киши ташый аларын билдиришкен.

Жеңил таксилерге лицензия киргизүү жөнүндөгү талап президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын декабрында кол койгон Кыргызстандын жолдорундагы унаа кырсыктары тууралуу жарылыгында дагы камтылган.

Мурдараак ИИМ бардык чуулгандуу ири авариялар эл аралык жана республикалык маанидеги жолдордо катталып жатканын белгилеген. Өлкөдө жол кырсыктарнын саны жыл сайын өсүүдө. 2021-жылы 7 437 кырсык катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 21,3%га көп. Жол кырсыктары 800дөй адамдын өмүрүн алган.

CABAR.asia аналитикалык порталынын журналисттери 2010-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта Кыргызстанд жол кырсыктарынан 10 миңден ашуун адам каза тапканын маалымдаган.