Антимонополия: Нефтетрейдерлердин көбү күйүүчү майды рубль менен сатып ала баштады

Буга Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы нефтетрейдерлердин көбү күйүүчү-майлоочу майларды орус рибли менен сатып ала баштады деп жооп берди.

«Бүгүнкү күндө нефтетрейдерлердин 70%ы күйүүчү майды рубль менен сатып алып жатат. Бул жакында эле болду, 20 күндөй болуп калды. Калган 30%ы доллар менен төлөп жатышат», — деди ал.

Бекешев чиновниктин жообуна нааразы болду. Анын пикиринде, Кыргызстан күйүүчү майды өзүнө пайдасыз сатып алууда, өлкө аны бир эле валютада сатып алышы керек.

«Биз мурда силерге майды рубль менен сатып алгыла деген элек, силер болсо Орусия макул болбой жатат дегенсиңер. Эми рубль кымбаттаганда рубль менен сатып ала баштадык. Эгер доллар көтөрүлсө, анда биз кайра доллар менен сатып алабызбы? Бир валютага токтолуш керек да», — деп белгиледи ал.

Тайлаков күйүүчү майдын экспорттук баасынын кымбаттыгы боюнча маселе 25-майда Евразия экономикалык комиссиясынын министрлеринин жолугушуусунда көтөрүлөрүн айтып жооп берди.

Күйүүчү майдын кымбатташы

Кыргызстанда күйүүчү май мамлекеттердин көбү Орусия 24-февралда Украинага кол салгандыктан ага карата санкция колдонгондуктан кайра кымбаттап кеткен. Нефть өнүмдөрүнүн көбүн Кыргызстан тек гана Орусиядан импортойт.

Мурда колдонулбаган санкциялар рублдин, анын артынан сомдун кескин арзандоосуна алып келген. Доллардын курсу болжолу менен 105 сомго чейин чыккан.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов 28-февралда доллардын курсу көтөрүлүп, ошондой эле Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда баа өскөн сайын күйүүчү май дагы кымбаттай берерин билдирген.

Анда ал доллардын баасы бир сомго көтөрүлгөн сайын күйүүчү майдын баасы дагы 60 тыйынга жогорулайт деп айткан.

Анткен менен марттын аягынан тартып доллар түшө баштады — 25-майга карата Улуттук банк аны 79,5 деңгээлинде бекиткен.