Базар-Коргондо экс-мэрди кызматка кайтарууну убадалап, 20 миң доллар алган аткаминерлер кармалды

13-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Байгазы Эргешов жана Базар-Коргон районунун акими Жанысак Сатыбалдиев алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Базар-Коргондун мурдагы мэри Ильяс Төлөновдун кайрадан кызматка келүүсүнө көмөктөшүүнү убадалап, президент Садыр Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң доллар алышкан.

«Шектүүлөр мурда берген убадаларын аткарбай, акчасын кайтарбай, Төлөновду коркута башташкан», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Азыркы тапта Эргешов менен Сатыбалдиев УКМКнын тергөө абагында. Бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэри Ильяс Төлөнов калаада бир нече маселе өз убагында чечилбегендиктен кызматынан бошотулган.


Ал эми 2022-жылдын ноябрь айында Төлөновго жер алдамчылыгы боюнча айып тагылган. Анда Базар-Коргон шаарынын мэриясы тарабынан үй салууга мыйзамсыз жер тилкелери берилгени белгилүү болгон.