Днепрде 9 кабаттуу үйгө атылган ракеталык соккудан 20дан ашык адам мүрт болду

14-январда Орусия Украинанын Днепр шаарын аткылап жатканда ракеталардын бири тогуз кабаттуу үйгө түшүп, үйдүн эки подъезди толугу менен талкаланды. Бул тууралуу Би-Би-Синин орун кызматы билдирди.

Украин президентинин офисинин башчысынын орун басары Кирилл Тимошенко бери эле дегенде 21 адам каза таап, 74 адам жабыркаганын маалымдады.

Урандыны алуу жана аман калгандарды издөө уланып жатат. Куткаруучуларга шаардын жүздөгөн тургуну кол кабыш кылууда. Днепропетров облустук администрациясынын башчысы Валентин Резниченконун айтымында, ооруканага 40тан ашык адам жеткирилген, алардын ичинен төртөө оор абалда реанимацияда жатат. Жабыркагандардын арасында 14 бала бар.

«Куткаруу операциясы уланып жатат. Дагы 40тан ашык адамдын тагыдыры белгисиз болууда», — деп Жазды Резниченко.

Анын айтымында, турак үйдө 72 батир кыйраган, аларда 200 жакын адам жашачу, алардын ичинен 50сү балдар. Жалпысынан 18 подъезди бар үйдө 1,700 тургун жашачу. Днепрде каза тапкандар үчүн үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрүнүн кол башчысы Николай Олещук турак жайга Х-22 ракетасы түшкөнүн, украин армиясында ракеталардын бүл түрүн атып түшүргөн куралы жоктугун билдирди.

«Украинанын Куралдуу Күчтөрүндө ракеталардын бул түрүн атып түшүрө турган курал жок. Орусия Украинанын аймактарына аскерий агрессиясын баштагандан бери ушундай типтеги 210дон ашык ракета учурулган. Абадан коргонуу күчтөрүнүн каражаты менен бири да атып түшүрүлгөн эмес», — деди ал.

Днепрден тышкары ракеталык соккулар болгонун Киевде дагы билдиришкен, ал жерде 18 үй жабыркаган. Ошондой эле аткылоодон Николаевск, Харьков жана Кривой Рог облустары жабыркаган — бул жактарда ракета турак үйгө түшкөн. Бир адам каза таап, бирөө жарадар болгон.

Орус армиясы Украинага кол салуусун 2022-жылдын 24-февралында баштаган, ал бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Орусия бир жылга жакын убактын ичинде Украинанын көпчүлүк аймагын басып алган, бирок жыл аягында украин армиясы орусиялыктар басып алган аймактардын 40%ын бошоткон.

БУУнун 10-январга карата маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери 6 952 жай тургун каза тапкан. Бул убакыт аралыгында 11 миңден ашык киши жабыркаган. Бир катар өлкө, анын ичинде АКШ жана Европа биримдиги Орусияга экономикалык санкцияларды киргизген. Бул Орусияны салынган санкциялардын көлөмү боюнча дүйнөлүк лидер кылган. Орусиялык аткаминерлерге, олигархтарга жана бизнесмендерге дагы жеке мүнөздүү санкциялар киргизилип жатат.