Блогерлерди ЖМКга теңөө. ЖМК жөнүндө жаңы мыйзамда юристтердин сыны эске алынган жок

Президенттик администрация ЖМК тууралуу мыйзамды жарандык коомдун сындарын эске алуу менен кайра иштеп чыгууну убадалаган болчу, бирок жыйынтыгында мыйзам долбоорунун жаңы вариантын иштеп чыкты. «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупованын айтымында, долбоор мурдагыдан да катаал болгон. Мисалы, беш миңден ашык катталуучусу бар блогерлер ЖМКга теңелет, ошондой эле мыйзам алдында ЖМК сыяктуу эле жооп бериши мүмкүн.

Эмне болгон мыйзам?

Президенттик администрация ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгып 2022-жылдын сентябрында коомдук талкууга чыгарган. Андагы жаңы кошулган ченемге ылайык, веб-сайттар башка салттуу ЖМК сыяктуу эле каттоодон өтөт. Андан тышкары, ЖМКны каттоо жана кайра каттоо процедуралары татаалдашкан.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда чет өлкөлүктөргө Кыргызстанда ЖМК ачууга тыюу салынган, аскердик абал учурунда сөз эркиндигине чектөө коюлуп, журналисттерге жашыруун жаздыруу жана видеого тартууга тыюу салуу сунушталган.

Көз карандысыз юристтер долбоорду кескин сынга алып, президенттик администрация «азыркы бийликке жакпаган веб-сайттарды жаап салууну» жана ЖМКнын ишине кийлигишүүнү каалап жатат деп айтып чыгышкан. Юристтер бийлик бул мыйзам долбоору аркылуу «пикирлердин плюрализмине катуу тыюу салууну» көздөйт деп ишендиришкен.

Катуу сындардан кийин президенттик администрация мыйзамды кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүгө макул болгон. Ага президенттик администрациянын мүчөлөрү, ЖМК өкүлдөрү менен көз карандысыз юристтер кирген. Жыйынтыгында алар коомчулукка төмөнкүдөй мыйзам долбоорун алып чыгышты.

Блогерлерди теске салуу

Мыйзамдын оңдолгон вариантында, ЖМК түшүнүгүнөн тышкары, «интернет-басылмага» аныктама берилет. Долбоорду иштеп чыккандардын пикиринде — бул бир айдын ичинде беш миңден ашык уникалдуу колдонуучуга жеткиликтүү болгон «малыматтык, маалыматтык-аналитикалык көңүл ачуучу жана башка мүнөздөгү материалдарды камтыган» форум, блог же соцтүйүндөгү барак.

Башкача айтканда, контенине карабастан, аудиториясынын саны беш миңден ашкан ар бир колдонуучу ЖМК деп эсептелет.

Мыйзам долбооруна ылайык, мындай блогерлер ЖМК жөнүндө мыйзамдын бардык талаптарын сактоого милдеттендирилет:

  • жарыялаган маалыматтын ишенимдүү экенин текшерүүгө;
  • фейк маалыматты «тез арада өчүрүүгө»;
  • жарандардын жеке жашоосу тууралуу маалымат жарыялоо өлкөнүн мыйзамдарына каршы келгендиктен, буга жол бербөө;
  • мыйзамда каралган тыюууларды жана чектөөлөрдү сактоо;
  • ЖМКнын ишине көзөмөл кылган мыйзамдын талаптарын сактоо;
  • террористтик жана экстремисстик материалдарды, порнографияны пропагандалоого, зордукчул жүрүм-турум жана сөгүнгөн сөздөр камтылган материалдарды чыгарууга жол бербөө.

Мындан тышкары, соцтүйүндүн колдонуучулары өздүгүн ачыктоого милдеттендирилет — барагына сүрөтүн жайгаштырып, аты-жөнүн, туулган жылын, байланыш номерин жана электрондук почтасын көрсөтүшү керек.

«Блогердин ушул мыйзамдын талаптарын бузуу менен жалпыга жеткиликтүү маалыматты жайылтуу укугунан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилиги Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууну шарттайт», — деп айтылат мыйзамдын долбоорунда.Ошондой эле беш миң адамдан ашык аудиториясы бар блогерлер интернет басылмалардын жана блогдордун реестрине кирип калышат. Ошондуктан мамлекеттик органдарга бардык «керектүү маалыматты» үч жумушчу күндүн аралыгында бериши керек.

Блогерлердин реестрин түзүү жана мониторинг жүргүзүү милдети «ыйгарым укуктуу органга» жүктөлөт. Ал үчүн мамлекеттик орган сайттын же барактын аудиториясын аныктоо ыкмасын бекитиши керек. Сайтка же блогердин барагына жеткиликтүүлүктү чектөө тартиби минкабдын жобосу менен аныкталат. Бирок аны менен долбоордун демилгечилери азырынча тааныштыра элек.

Ого бетер катаалдады

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова «Клоопко» кайра иштелип чыккан мыйзам долбоору — «пикирин эркин айтуу укугун чектей» турганын айтты. Анын айтымында, Кыргызстанда ансыз деле блогерлерди өз пикирин айткан үчүн жоопко тарткан «коркунучтуу тажрыйба» бар.

«Азыркы администрациянын сөз эркиндигине карата такыр чыдамы жок. Биз ансыз деле эч качан сөз эркиндигине кепилдик берилген шартта иштеген эмеспиз, бирок бул администрациянын айтылган сынга чыдамы такыр жок. Алар өз пикирин билдирген үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга да даяр», — деп баса белгиледи Жакупова.

Анын айтымында, президенттик администрация, жумушчу топтун бир дагы сунушун эске албай, ал тургай мыйзам долбооруна пикирин эркин айтууга мурдагыдан да катаал чараларды киргизген. Алардын бири блогерлерди ЖМКга теңөө.

«Блогерлер маалыматтын ишенимдүү экенин кантип текшерет? Мамлекет катардагы жарандарына мындай милдеттерди коё албайт, алар иликтөөчү эмес да. Керек болсо мамлееттик органдар да адашкан учурлар болгон», — деп нааразы болду юрист.

Жакупова мыйзам долбоорунда блогерлерди ЖМК катары чечмелөө — бул «акылсыздык». Анткени адамдардын же уюмдардын соцтүйүндөгү жеке барагы өзүнчө ЖМК катары саналып калат деп кошумчалады.

Мыйзамды толуктоо аягына чыга элек

Президенттин администрациясынан мыйзамдын жаңы варианттары тууралуу ЖМКга чыккан маалыматтарга «дагы деле толукталып, кайра иштелип жатат», дагы деле «сунуштарды алып жатабыз» деп жооп беришти.

«Азыркы учурда прессада долбоордун чийки варианты жарыяланган, аны коомчулукка аталган мыйзамдын акыркы варианты деп жаңылып көрсөтүп жатышат», — деп билдиришти президенттик администрациядан.

Кыргызстанда бийликтин ЖМКга жана сөз эркиндигине карата басымынын жаңы толкуну байкалып жатат Буга иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы, «Азаттыктын» сайтынын бөгөттөлүшү жана блогер Ырыс Жекшеналиевдин камакка алынып, кийин бошотулушу анык мисал болуп бере алат.

Анткен менен бийлик эч кандай басым-кысым жок, Кыргызстан мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин карманат, ал эми адамдын укугу менен эркиндиги — өлкөдөгү эң бийик баалулуктардын бири деп келет.

Ошол эле кезде бийлик, эксперттердин пикиринде, мамлекеттин көз карандысыз ЖМКга жана бейөкмөт уюмдарга каршы куралына айланышы мүмкүн болгон мыйзам долбоорлорун демилгелегенди улантууда.

Дагы окуңуз: HRW Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен адам укуктарынын абалына баа берди

Кемпир-Абад үчүнбү же Баткенби? Бийлик «Азаттыкты» эмне себептен бөгөттөдү