«Азаттыктын» кеңсеси. Сүрөт: Гүлжан Турдубаева / «Азаттык».

26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттык» кыргыз кызматынын сайтын эки айга бөгөттөдү. Буга аталган медиа 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыялаганы» себеп болгону айтылган.

Сайтты бөгөттөөгө чейин «Азаттыктын» кеңсесинин алдында митинг өтүп, беткап кийген кишилер басылманы чек ара жаңжалын «туура эмес» чагылдырган деп айыпташкан. Ушундай эле айыптоолорду президент Садыр Жапаров Кемпир-Абаддагы жабык жыйында да айткан.

«Клооп» соңку бир айдагы «Азаттыктын» айланасындагы окуяларды чогултуп, ал кандай «маалымат», эмнеге бийлик анык эмес деп атаганын аныктоого аракет кылды.

«Жабылсын!»

«Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинин алдындагы митинг 13-октябрь күнү болгон. Көпчүлүгү жүзүн жашырганга аракет кылган 30 чакты адам кө карандысыз үч медианы: «Клооп», Kaktus.Media жана «Азаттыкты» жабууну талап кылышкан.

Митингде алар «Азаттыкты» «чагымчыл» жана «батыштын пропагандасын жайылтат» деп аташкан. Ошондой эле басылма «негативди гана чагылдырат», маалыматты «туура эмес», «бир тараптуу» берет деп айыпташкан. Митингдин айрым катышуучулары «Азаттык» 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды болгонундай чагылдырган жок деп да айтышкан.

«Азаттыктын» кеңсесинин алдындагы митинг. Сүрөт: Гүлжан Турдубаева /«Азаттык».

Митингден бир күн мурун депутат Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларын жаптырып салуу боюнча депутаттардан кол топтоп президентке кайрылуу даярдап жатканын айткан.

Бийлик бул аракеттерге тиешеси бар экенин дароо четке каккан. Надира Нарматова кол топтоп жатканын төгүндөгөн, ал эми минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бийликтин митингчилер менен эч кандай байланышы жоктугун, демилгечиси эмес экенин билдирген.

Кийинчерээк президенттен медианы жабууну талап кылган ачык кат тарап кеткен. Катка Кыргызстан белгилүү адамдары кошулуп 70ке жакын кишинин колу коюлган.

Бирок Bulak.kg жана «Политклиника» басылмалары көз карандысыз үч медианы жаап салууну талап кылып президентке ачык кат жөнөттү делген кишилердин жетөөсү кол койбогонун аныкташкан.

Катка кол койгон 70 кишин бири кайрылуунун демилгечиси Нургазы Анаркулов — президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси экенин билдирген. Ал аталган кызматты Садыр Жапаров президенттикке келген 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин ээлеген.

2021-жылдын январында Анаркуловду УКМКнын кызматкерлери өзгөчө ири суммада акча опузалоого шектеп кармашкан. Анда Анаркулов тергөө аяктаганга чейин үй камагына чыгарылган. Анаркуловго козголгон кылмыш иши эмне менен аяктаганын атайын кызмат ачыктаган эмес. Bulak.kg’нин маалыматына ылайык, азыр ал «Майдан» гезитинин башкы редактору болуп эсептелет.

Президенттин жемеси

20-октябрда Бишкекте Өкмөт үйүндө Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилиши боюнча мамлекеттик жетекчилик менен коомчулуктун жолугушуусу өткөн. Бул жолугушууга бийлик Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы чек арага чектеш аймакта жашаган активисттер менен жашоочуларды чакырган. Алар президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге өздөрүн кызыктырган суроолорду беришкен.

Талкуу жабык эшик артында өткөн — журналисттерге катышууга уруксат берилип, бирок бардык катышуучулардын телефондору алынып, аудио жана видео жаздырууга тыюу салынган. Кагазга гана жазуу уруксат берилген. Президент мындай форматты жолугушууда «жашыруун» маалымат талкууланат деген жүйөө менен түшүндүргөн (өзү болсо планшет жана смартфон менен отурган).

Садыр Жапаров жана Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жейми Флая, 2021-жылдын 14-сентябры. Сүрөт: президенттин сайты.

Бул жолугушууда Жапаров Кемпир-Абад маселесин гана айтпастан, жакында эле болгон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга да токтолгон. Анын айтымында, «Азаттык» Кыргызстан Тажикстанга кол салды деп жазуу менен бул окуяларды туура эмес чагылдырган.

«Кантип ушундай болсун? Ал жакта деле [«Азаттыкта»] кыргыз кыздар менен жигиттер иштейт ко», — деген Жапаров жолугушууда.

Кайсыл материал тууралуу сөз болуп жатканын президент ачыктаган эмес.

Сайтты бөгөттөө

Кайсыл материал экени «Азаттыктын» сайты бөгөттөлгөндөн кийин маалым болгон.

Маданият министрлиги «Учурдагы убакыт» («Настоящее время» телеканалынын («Азаттык радиосунун» көзөмөлүндөгү түзүм) видеоматериалы тууралуу сөз болуп жатканын билдирген.

Министрлик «Учурдагы убакыт» ресурсунда “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш” аттуу видеоматериалы жана эфиринде «кастык маанайдагы сөздөр колдонулган, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталган» деп эсептейт.

«Азаттыктан» болсо маданият министрлиги айткан материалды кайра карап чыгып, «өздөрүнүн эч кандай стандарттары бузулбаганын аныкташканын» билдиришкен.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жейми Флая «журналисттерди коркутуу жана эркин медианын оозун басуу аракети Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма» деп белгилеген.

«Азаттык» — коммерциялык эмес, көз карандысыз Эркин Европа/Азаттык радиосу корпорациясынын кыргыз кызматы, Кыргызстанда «Азаттык Медиа» мекемеси деп расмий катталган.

Видеосюжет эмне жөнүндө болгон?

«Учурдагы убакыттын» («Настоящяя время») сюжети алып баруучунун эки өлкөнүн чек арачылары оор техникадан ок чыгарганы жана мурдагы жаңжалдардагыдай эле эки өлкө эскалацияга бирин-бири айыптап жатканын айткан сөздөрү менен башталган.

«Учурдагы убакыттын» («Настоящяя время») эфиринен скриншот.

Эки тараптан тең жарадар болгондор жана эвакуацияланган жай тургундар тууралуу маалымат айтылгандан кийин алып баруучу Кыргызстан менен Тажикстандын коопсуздук кызматтарынын башчылары ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга жетишкенин айткан (Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун кол алышып турган сүрөтү көрсөтүлгөн). Бирок ок атуу кайрадан жанданды деп фактыны баса белгилеген.

Андан соң алып баруучу түз эфирде кесиптештери — Дүйшөмбү шаарындагы «Озоди» радиосунун редактору Хиромон Бакозода жана Бишкектеги Ала-Тоо аянтында турган «Учурдагы убакыттын» кабарчысы Камила Валиева менен байланышкан.

Журналисттердин ар бири өз өлкөлөрүнүн бийлигинин жаңжал тууралуу берген маалыматтарын айтышкан. Бакозода Тажикстандагы расмий бийлик органдары эмне деп жатканын ,ал эми Валиева — Кыргызстандын бийлиги эмне деп билдиргенин айтышкан. Күтүлгөндөй эле, тажик бийлиги ок атууну Кыргызстан баштады десе, Кыргызстандын бийлиги ок атууда тажик тарапты күнөөлөгөн.

Сюжет Кыргызстандын УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин кыргыз тилинде жасаган билдирүүсү менен аяктаган. Ташиевдин айтымында, Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ок атууну токтотуу тууралуу команда берилген. Ал жарандарды тынчсызданбоого чакырган. «Буга чейин кагылышуулар болду, эми, мен ойлойм, эки күндүн ичинде жаңжалды токтото алабыз деп», — деп айтылган кадр артындагы орусча котормодо.

«Бул ойдон чыгарылган шылтоо»

«Клооп» медиаэксперттер Элмира Токтогулова менен Гүлнура Төралиевага Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө себеп болгон «Настоящее времянын» видеосюжетин анализдеп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Токтогулованын пикиринде, бул материалда кастыкты тили жок, ал эми журналисттер жаңжалдын эки тарабынын тең позициясын беришкен.

Элмира Токтогулова. Сүрөт: Фейсбуктагы барагынан алынды.

«Бул материалда эки өлкөнүн тең бийлигинин расмий позициясы берилген — бирдей үлүштө, тең салмактуу, алып баруучу бейтарап болгон. “Озоди Радиосунун” журналистти башка маалымат булактарын атоо менен, аларды белгилеп өткөн — видеодо жергиликтүү тургундар тартылган, ЖМК — “Рейтер” жана“Азия Плюсту” деп көрсөткөн. Бирок көрсөтүлгөн булактардын биринде да “кастык тили” колдонулган эмес. Ар бир өлкөнүн бийлиги жаңжалдын башталышы жана анын жүрүшү боюнча өз версиясын сунуштап, экинчи тарапты күнөөлөп, окуяларга “согуш, басып кирүү, аймакты басып алуу” жана башка аныктамаларды бериши — кандай гана млекеттер аралык жаңжал болбосун мүнөздүү көрүнүш. Өз тарабынын таламын талашуу бийликтин укугу. Чатакташкан тараптар дайыма өз аргументтерин келтирүү менен өздөрүнүкүн туура деп, каршылаш тараптыкын туура эмес деп эсептешет. Демек ЖМК жаңжалды чагылдырууда бир тараптын гана окуясын чечмелеп, экинчи тарапты көз жаздымында калтыруу керек дегенди билдиреби? Албетте жок», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле, Гүлнура Төралиева дагы жаңжалды чагылдырууда материал бардык эл аралык стандарттарга шайкеш келгенин баса белгилейт.

«Анда эч кандай кастык тили же жалган маалымат жок. Расмий булактарга негизделген, журналисттердин калыстыкты сактоо, чек арадагы маанилүү окуя тууралуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына маалымат берүү аракети камтылган өтө салмактуу материал. Материалда бардык булактарга шилтеме берилген, жаңжалга катышкан тараптардын бирин дагы ыңгайлуу позицияда көрсөткөн эмес, маалыматты манипуляциялоо жок», — деди ал.

Медиаэксперт өзбек политологу Алишер Ильхамов менен болгон маек дагы стандартка ылайык алынган.

«Эксперт жаңжалдагы бир дагы тарапка ыктабайт, андан тышкары аймактан тышкары турат. Анын комментарийлери да бейтарап, бирок, ошондо дагы анын субъективдүү ою медиа тармагындагы мыйзамдарды же ЖМКнын этикасын бузбайт», — деп белгиледи Төралиева.

Гүлнура Төралиева. Сүрөт: фейсбуктагы барагынан алынды.

Эки медиаэксперттин тең пикиринде, бийлик «жок жерден шылтоо таап», сөз эркииндигине басым кылып жатат.

«Азыр мындай суроо пайда болду — эмне үчүн ал программа эфирге чыкканына бир айдан ашык убакыт өткөндөн кийин “Азаттыктын” сайтын бөгөттөөнү чечишти? Эмне үчүн “Настоящее времянын” сайтын эмес? (алардын сайттары эки башка)? Эмне үчүн бөгөттөө Кемпир-Абад маселесин чечүү жана оппозиция менен жарандык активисттердин бийликке маселени ачык-айкын чечпей жатасыңар деген сыны менен бир учурда болуп калды? Азырынча бул бийликтин эң активдүү ЖМКны жок кылууга болгон өтө эле жагымсыз, ыксыз ыкмасындай көрүнүп жатат», — дейт Элмира Токтогулова.

Эки эксперт тең бийлик тарабынан көз карандысыз ЖМКга болгон басым уланат, жана көпкө күттүрбөйт деген ойдо.

«Бийликтин акыркы кадамдарына карасак — аракеттер бир топ катаал болчудай. Сөз эркиндигин талап кылуу кыйындай берет», — дейт Төралиева.