Чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү үчүн кармалган эки казак активистинин иши кыскартылды

Бишкектин Октябрь райондук соту 16-январда казакстандык активисттер Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованы камактан чыгарды. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, райондук сот активисттерге карата Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү боюнча козголгон кылмыш ишин алардын башпаанек сураган арызын негиз катары көрсөтүп токтоткон. Активисттер сот залынан бошотулду.

Cоттон чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам башпаанек алуу укугун ишке ашыруу максатында келсе «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси колдонулбайт деп түшүндүрүштү.

«Бизди ошол негиз менен коё беришти. Биз качкын макамын сурап, арыздарыбызды бергенбиз. Эми эмне болорун көрө жатарбыз», — деди Асхат Жексебаев «Азаттык» радиосунун казак кызматына курган маегинде.

Казакстандык активисттер кармалганы 2022-жылдын ноябрында белгилүү болгон. УКМК алар чек арадан мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип, эки айга камакка алынганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, активисттер 26-октябрда «Кордай-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жердеги өзөн сууну кечип, кыргыз-казак чек арасындагы расмий өткөрмө бекетти мыйзамсыз айланып өтүшкөн.

Казакстандык укук коргоочулар Жексебаев менен Баймагамбетова кыргыз бийлигинен качкын макамын суранганы жатканын айтышкан.

2021-жылдын октябрында Алматы соту 50 жаштагы Асхат Жексебаевди жана 30 жаштагы Диана Баймагамбетованы казак соту экстремисттик уюмдар деп тааныган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын жана «Көше партиясынын» ишмердүүлүгүнө катышкан деген айып менен соттогон. Анткен менен «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы 2019-жылы Европа парламенти тарабынан кабыл алынган резолюцияда «тынч оппозициялык кыймыл» деп таанылган.

Алматы соту Жексебаевди беш жылга, ал эми Баймагамбетованы эки жылга кескен. Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, Жексебаев 2022-жылдын май айында шартту түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.