Ырчы Бегимай Бекбоева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

17-январдын таңында эстрада ырчысы Бегимай Бекбоева кайтыш болду. Маалыматты журналисттерге аткаруучунун кесиптештери тастыктады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Бекбоева оорудан улам көз жумду. 32 жаштагы ырчынын артында 3 жаштагы уулу калды.

Куудулдар Токтор Бекбоев менен Жаңыл Кудайбергенованын кызы Бегимай 5-класста окуп жүргөндө сахнага чыккан. Кийин «Кусалык», «Кантем ай», «Сүйөм сени» аттуу чыгармаларды аткарып угарман топтогон.

2019-жылы жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине башына операция жасалганын айтып маек курган.