Соцтүйүндө колдонуучулар кыргызстандык Алтынай Ботоярованы «Аалам сулуусу» сулуулук конкурсуна кийип чыккан көйнөгү үчүн сынга алышты. Алтынайдын сахнага кийип чыккан ак түстөгү көйнөгүнө денесинде кызыл алакандан калган тактар түшүрүлгөн. Баш салаа колдун бири кызды муунтуп, экинчиси оозун басып турат. Бул кийими менен Ботоярова аялдарга карата зомбулукка каршы экенин көрсөткөн.
Бул көрүнүш соцтармакта кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк кыргызстандыктар кызды сындай башташты. Алар Алтынай Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук көйгөйү тууралуу айтып чыкпашы керек эле, «жабылуу аяк жабылуу бойдон калышы керек» деп эсептешет. Сындагандардын негизги жүйөсү — Алтынайдын мындай аракети «Кыргызстандын имиджине доо кетирип», «өлкөнүн беделине» терс таасир этет.
«Ооба, сиздердин сын дагы туура, кыргызда кызды кадырлайт, урматтайт. Акылман Курманжандай энебизди чыгарган улуу элбиз. Мен сынды туура кабыл алып, кийип чыккан көйнөгүм сиздердин ачууңуздарды келтирсе, ал үчүн кечирим сурайм.
Албетте, мен башка ойду айткым келген, болгону 18 жаштамын. Жаштык кылып балким жетиштүү деңгээлде ойлогон максатымды ачып бере албай калгандырмын» , — деп Алтынай өзүнүн Инстаграм бараганы жазып чыкты.
Ал тургай, Алтынай буга чейин аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы экенин көрсөткөн кийимди кийген сүрөтүн Инстаграмдан өчүрүп салды.
Кызды эмнеге сындабаш керек эле?
«Жабылуу аяк, жабык бойдон калсын» — бул пикир келишпестиктерди үй-бүлөнүн ичинде чечүү керек, же (бул учурда) коомчулуктун алдына алып чыкпоо керек деген маанини түшүндүргөн эски макал. Жалпысынан өлкөнүн имиджи үчүн мындай ыкмада кам көрү — көйгөйгө көз жумган жүрүм-турумду калыптандырат.
Көйгөйгө көз жумган жүрүм-турум — culture of silence (же унчукпастык келишими conspiracy of silence) — адамдардын тобунун тигил же бул көйгөйдү айтпайбыз деп өз ара сүйлөшүп алышы же көйгөйгө көз жумуу боюнча келишим.
Мындайда кылмыштар жылдар бою кайталанып, айлампаны эч ким буза албай калат. Кол сынса жең ичинде, баш сынча бөрк ичинде деп, көйгөйдү жашыруу менен аялдарга карата зордук-зомбулук кадыресе көрүнүшкө айланат. Ал тургай, виктимблейминг — күнөөнү жабырлануучуга оодарып коюуга алып келет.
Көйгөйгө көз жумган маданиятты бузган эң белгилүү мисал — #metoo кыймылы.
New York Times басылмасы Харви Вайнштейндин сексуалдык кылмыштары тууралуу иликтөө жарыялап, дүйнө жүзүн нес болгон. Көпчүлүк Голливуд эмне үчүн 30 жыл унчукпай келгенин түшүнүүгө аракет кылган.
Себептери көп болгон — Харви Вайнштейндин эч ким каршы чыга албай турган таанымалдыгы, сексуалдык ыдыкка жана полиция тарабынан болгон зомбулукка жетиштүү көңүл бурулбагандыгы, жабыркаган аялдардын коркуу жана уялуу сезими.
Бул көрүнүштөрдүн баары Кыргызстанда да бар. Учурда Кыргызстанда такай зомбулук көргөн аялдар жакындарына жардам сурап сейрек кайрылышат. Же такыр эле кайрылбайт. Ал эми укук коргоо органдарына андан бетер.
Негизги себеп — коомдогу зомбулукка кабылган аялдарга карата стигма. Жабырлануучу коомчулуктун келекесине калуудан коркуп көйгөйдү үй-бүлөнүн ичинде сактайт.
Бирок жашырып коюу, акыр аягы келип трагедия менен аякташы мүмкүн экенин түшүнүү керек. Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу сөз кылсак, өнөктөшү аялзатын өлтүрүп коюшу деле мүмкүн, аны эч ким токтото албайт — анткени үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу эч ким билбейт.
Тескерисинче, зомбулук менен байланышкан кылмыштарды ачыкка чыгаруу жабырлануучуну зомбулуктан куткарып, коомчулукта зордукчул жүрүм-турумга болгон [нааразычылыкты] күчөтөт.
Бүгүнкү күндө, тилекке каршы коомчулук аялдарга карата зомбулукту кадимки көрүнүштөй кабыл алат.
Мисалы, милиция кызматкерлери көпчүлүк учурда аялдарга карата жасалган кылмыштарга анчейин көңүл бурбайт. Алар кыздарды уурдоого көз жумуп, аялдардан зордукчул күйөөсүн кечирүүнү жана аны менен жашоону улантууну сурашат.
«Зордук-зомбулуктан жабыркагандар укук коргоо органдарына кайрылышпайт, анткени милиция сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулук болгондо милдетин тийиштүү түрдө аткарбайт, этибарга алышпайт, — дейт “Сезим” кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова. Баштапкы териштирүүдө тергөөчүлөр жабыркагандардын укугун камсыздабаганы үчүн иштер жабылып калат. Кээ бир иштер гана ачыкка чыгат, андан дагы иштер сотко жеткен учурлар аз».
Анын айтымында, кылмыш иши козголгон күндө деле ал жылдарга созулуп кетет, ал эми аларды кароодо жабыркагандардын укугу бузулат.
«Аялдар менен кыздар өз укуктарын коргоп жатканда чоң тоскоолуктарга кабылат — дискриминацияга, куугунттукка туш болушат. Тергөө процедуралары одоно бузулат, сот процесстери атайлап создуктурулат. Буга көп жылдан бери кризистик борбордун өндүрүшүндө жаткан иштер мисал боло алат», — деп белгилейт борбордун жетекчиси.
Кыргызстанда аялдарга болгон зордук зомбулук
Кыргызстанда жыл өткөн сайын үй-бүлөлүк зомбулук фактылар көп катталып жатат.
ИИМдин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2021-жылы 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул үй-бүлөлүк зомбулук 2020-жылга салыштырмаалуу 12%га көбөйдү дегенди билдирет. 2022-жылдын алгачкы 5 айында 3 988 үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактысы катталган. Ал эми жыл башынан бери балдарга карата зомбулуктун 400дөн ашык учуру катталган.
Ошол эле учурда, укук коргоочулар аялдарга карата зомбулуктун масштабы укук коргоо органдары берген сандардан кыйла айырмаланат деп эсептешет. Буга бир жагынан көйгөйгө көз жумуу да себеп.
Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет.
Адатта аялдын эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.
Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот. Көбүнчө, фемицид стереотип болуп калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо — эркек кандай десе аял өзүн ошондой алып жүрүшү керек, ошондой кийиниши керек дегенден келип чыгат.
Фемициддин негизги критерийлерине аялдар экинчи сорттогулар деген идеянын, кызгануунун, маданий эрежелердин («аял кылышы-кылбашы керек»), жыныстык мамиледен жана никеге туруудан баш тартуунун, ала качуунун негизинде, эркек киши менен кандайдыр бир мамилени токтотуу учурундагы жана башка ушундай себептүү өлтүрүүлөр кирет.
«Клооптун» журналисттери Кыргызстандагы фемицид көрүнүшүн чагылдырып берүү үчүн киши өлтүрүүлөрдүн статистикасын талдап, 54 миңден ашуун криминалдык пресс-релиздер менен жаңылыктарды изилдеп чыкты. Жыйынтыгында алар Кыргызстанда аялдарды көбүнесе күйөөлөрү, жыныстык өнөктөштөрү өлтүрөрүн, ал эми фемицид түздөн-түз үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепети экенин аныкташты.
Дагы окууңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү
ИИМ: Өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды
Редактор: Анна Капушенко.