Бишкек: Төрт баласы менен киоскто жашаган үй-бүлө кризистик борборго тапшырылды

Жашы жете элек төрт баласы менен павильондо жашаган үй-бүлө SOS-Балдар кыштагынын алдында иштеген кризисттик борборго жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, үй-бүлө балдарды тарбиялоо жана камсыздоо үчүн шарты жок павильондо жашап жаткан.

«ӨКМдин Кыргыз Республикасынын аймагында аномалдуу суук жүрөт деген эскертүүсүнө байланыштуу жашы жете элек балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борборунун кызматкерлери 11-январда саат 18:00дө Октябрь РИИБдин жашы жете элек балдар менен иштөө боюнча инспекторлору менен биргеликте балдарды алып кетүүгө барышты», — деп билдиришти ведомстводон.

Бирок алардын маалыматына ылайык, үй-бүлөнүн атасы — Кызайбаев А.М аттуу жаран каршылык көрсөтүп, натыйжада ал РИИБге алып келинген. Ал эми төрт бала энеси менен балалуу аялдар убактылуу жайгаша турган SOS-Балдар кыштагынын алдындагы Кризисттик борборго жеткирилген.

Буга чейин жергиликтүү тургундар шаардагы көчөлөрдүн биринде 20 градустук суукта төрт баласы бар үй-бүлө киоскто жашап жатканын айтып, маалымат каражаттарына кайрылышкан.

«Үй-бүлө башчысы меш жасап алган экен, колго тийгендин баарын жагып жатышат: чырпык, чүпүрөк, курулуш материалдардын калдыктары. Ал жерде эч бир шарты жок. Кайда барып жуунуп, кайдагы ажаатканага барып жатканы белгисиз. Балдары мектепке барбайт. Документтери дагы жок болушу мүмкүн. Азыр эшикте 20 градус суук болуп жатат! Ошол жерде баары тоңуп калышы мүмкүн да!» — дешкен алар.

11-январдан тартып өлкөдө аномалдык суук башталып, абанын температурасы Бишкекте -25 градуска чейин түшүп жаткан. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик шаарда жылынуу түйүндөрүн жана үй-жайы жоктор үчүн убактылуу баш калкалоочу жайларды ачкан.