Депутаттар Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүү жолун өзгөчө кырдаал киргизүүдө көрүштү

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Бишкектеги ышка байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин 18-январдагы жыйынында билдирди.

«Азыр биз ыштын арасында жашап жатабыз. Мен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерине кайрылам, борборду текшерип, сыноодон өткөрүп, керек болсо өзгөчө кырдаал киргизиш керек. Дүйнө жүзүндө ушундай, унчукпай, жаман болду деп карап отурбай тез арада киргизиш керек. Уу жыттап, баарынын башы айланып жатат. Кытайда, Бээжинде кызгылтым зона деп, шаарды жапканга чейин барчу. Беткап таккыла деп сунуштап, үч-төрт жыл күрөшкөндөн кийин бул маселе чечилип, асман көрүнүп калды. Демек адамдын колунан келет экен», — деди ал.

Масалиевдин пикирин кесиптеши Адахан Мадумаров колдоду. Эл өкүлү борбор калаа абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыгып кеткенин белгиледи.

«Эл аралык уюмдардын берген баамында биз Бангладештен озуп, абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыктык. Дем алуу органдарынын оорусу боюнча да Бишкек шаары биринчи орунда. Дарыгерлер жаш балдардын жана өзгөчө оорусу бар адамдардын көчөдө болуусу кооптуу экенин эскертүүдө. А биз эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп жатабыз. Негизи бул өтө оор маселе», — деди ал.

Мадумаров а түгүл парламенттин залында да ыш байкалып жатканын айтып, аба тазалоочу аппарат орнотуу керектигин айтты.

«Мына, биздин эле залды караңызчы, туман, эч нерсе көрүнбөйт. Дем алуу мүмкүн эмес. Залга жок дегенде аба тазалоочу аппаратты коюу керек. Бишкек шаарындагы көчөлөрдү мен айтпайын, ал жерде таптакыр… “Нормадан 600 эсе көбөйүп кетти” деген маалыматтар чыгып жатат. Ушуга бир реакция кылып койсок, урматтуу туугандар», — деди депутат.

Бишкектеги ыш көйгөйү

World Air Quality уюмунун 18-январга карата индексинде Бишкек биринчи орунга чыкты. Абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү өмүр үчүн кооптуу көрсөткүчкө жетти. Бишкектен кийинки орунда Пакистандын Лахор шаары, Индиянын Мумбай, Бангладештин Дакка шаарлары турат.

Коомчулук, активисттер жана депутаттар бийлик ыш менен күрөшүүдө алгылыктуу чара көрбөй жатканын сындап келет.

Узаган жылдын аягында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүү үчүн БУУдан 6,7 млрд доллар өлчөмүндө грант сураган.

Ведомствонун башчысы Динара Кутманова гранттын эсебинен 23 көмүр менен жылытылган мештерди газга өткөрүп, үй чарбаларында энергиянын альтернативдүү булактарын киргизүү пландалып жатканын айткан.

Аны менен бирге аткаминер БУУнун алдындагы Жашыл климаттык фонду мындай суммадагы арыздарды үч жыл ичинде карай турганын белгилеген. Ошондуктан Кутманова Бишкектеги ыш маселесин эртерээк чечүүнү убадалаган.


ТЕМА БОЮНЧА:

Бир видео менен: Ошту да коюу ыш каптады

«Отканада жүргөндөйбүз». Депутат Бишкекте ышка каршы чара көрүлбөй жатканына ачууланды

Бийлик ыш көйгөйү менен күрөшүү үчүн БУУдан 6,7 млрд доллар сурады