Бир видео менен: Ошту да коюу ыш каптады

Ош шаарынын тургуну калааны коюу ыш каптаганы тууралуу видео жарыялады. Бул тууралуу АКИpress басылмасы жазды.

Тургун шаарда аба сапатсыз көмүр жаккан мончолордун айынан булганууда деп эсептейт.

«Бизде да шаарды абдан коюу ыш [каптады]. Жергиликтүү бийлик бул “смог” маселесине көңүл бурушу керек», — деп жазды ал.

Movegreen кыймылынын экоактивисттери Ошто аба кышкысын Бишкектикине караганда кир болорун айткан 2022-жылдын жазында. Кыймылдын жетекчиси Мария Колесникованын айтымында, ыштын себеби — жылытуу мезгилинде жеке сектордо пайдаланылган сапатсыз көмүр жана автомобилдерден чыккан уулуу газдар.

Экоактивист Ошто көмүр пайдаланган «тандырлар жана чакан өндүрүш ишканалары» көп экенин белгилеген. Ошондой эле ыштын пайда болушуна Бишкектегидей эле дайыма күйүп түтөп турган таштанды полигону да салымын кошот.

Ош мэриясы бийлик ыш маселесинен жана анын пайда болушуна кандай факторлор таасир этип жатканынан кабардар экенин айткан. Шаардын вице-мэри Сонунбек Жунусов муниципалитет шамалды тоскон көп кабаттуу имараттарды курууга тыюу салып, бензин менен жүргөн автобустардан баш тартып, ошондой эле, жабык таштанды полигонун курууга белсенип жатканын айтып ишендирген.