Өкмөт суперкомпьютер сатып алды. Ал канча турат жана эмне үчүн керек?

Министрлер кабинети програмдык камсыздоо жана графикалык процессорлорду иштеп чыгуучу дүйнөгө белгилүү NVIDIA компаниясынан супер компьютер сатып алды. Катардагы компьютер колдонуучулары аталган компанияны видеокарталары аркылуу таанышат.

Минкабдын маалыматына ылайык, NVIDIA’нын супер компьютери мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында сатып алынган. Супер компьютерди Улуттук тил комиссиясы жана «кыргыз тилиндеги маалыматты иштеп чыгуучу жасалма интеллектти киргизүү» долбоору боюнча «Улут Софт» компаниясы пайдаланат деп пландалууда.

«Келечекте жасалма интеллект текстти кепке, кепти текстке айландыруу, талдоого жана тексттерди түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул программалар илим-изилдөө жана билим берүү чөйрөсүндө, стенографияда, массалык коммуникация тармагында колдонулушу мүмкүн», — деп айтылат минкабдын маалыматында.

Супер компьютердин бет ачарында минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «кыргыз тилин сактап калуу жана жайылтууда» бул долбоордун «стратегиялык мааниси чоң» экенин айтты. Ал супер компьютерди сатып алуу чечимин президент Садыр Жапаров кабыл алганын кошумчалады.

«Биз ар кандай технологиялык жардамчылардын да кыргызча сүйлөшүн камсыз кылышыбыз керек. Бул баарыбыз үчүн, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн маанилүү. Супер компьютер ата мекендик илим менен экономиканын кызыкчылыгы үчүн суткасына 24 саат иштеши керек. Жабдууну мамлекеттик мекемелер, билим берүү мекемелери жана кызыктар тараптар колдонсо болот», — деди Байсалов.

Ошондо минкаб эмнени сатып алды?

Минкабдан NVIDIA суперкомпьютеринин техникалык мүнөздөмөлөрү/мүмкүнчүлүктөрү тууралуу толук маалымат беришкен жок, ошондой эле баасы да айтылбады. Болгону Байсалов суперкомпьютердин кубаттуулугу 1 петафлопс экенин айтып мактанды.

Демек, Байсаловдун айткандарын текшерип көрүп, минкаб NVIDIA DGX-1 супер компьютерин сатып алган деген тыянак чыгарсак болот. Компаниянын өзүндө алардын продукциясы «терең окутуу максаттары үчүн ылайыкталган эң эле тез комплекстүү система» экени айтылат.

Система, компаниянын айтымында, нейрондук тартмактарды машыктыруунун натыйжалуулугун мүмкүн болушунча арттыруу үчүн жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүгүн камсыздоо үчүн жасалган. Мындан тышкары, NVIDIA алардын продукциясы «рыноктогу ушул сыяктуу башка системаларга караганда жогорку өндүрүмдүүлүктү камсыз кылат» деп белгилейт.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, NVIDIA DGX-1 суперкомпьютеринин орто баасы — 149 миң доллар.

1 петафлопс көппү же азбы?

Түшүнүктүү болушу үчүн: 1 петафлопс 1024 терафлопско барабар — бул суперкомпьютер бир секундда 1 квадриллион операцияны аткара алат дегенди билдирет. Салыштыруу үчүн Microsoft компаниясынын акыркы муундагы компьютердик оюндарга ылайыкталган Xbox series X компьютерин мисал кылсак болот. Компаниянын билдирүүсүнө ылайык, аталган консоль 12 терафлопс кубаттулукту берет.