«Женго» каймана аты бар кримтөбөлдү Ош облустук соту да актады

Ош облустук соту «Женго» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновду актоо боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облустук сотунун басма сөз кызматы 22-июлда билдирди.

Досонов «Жерди мыйзамсыз басып алуу» беренеси менен айыпталып жаткан. Бирок «Женгонун» жактоочусунун өтүнүчү канааттандырылып, иш кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу токтотулган. Ал эми 14-июлда Кара-Суу райондук соту Досоновду актап, ал ТИЗОдон бошотулган.

Ошондой эле ал «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдаштыруу» беренеси менен айыпталган. Бирок сот Досоновдун аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапкан.

Ош облустук сотунун соттук коллегиясы Кара-Суу райондук сотунун Досоновду актоо боюнча кабыл алган өкүмүн өзгөрүүсүз калтырды.

Кадыр Досонов деген ким?

Кадыр Досонов.

Досонов «Женго» каймана аты менен белгилүү Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун башчысы. Ал 2015-жылдын февралында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берүүгө айыпталган. 2017-жылы Кара-Суу райондук соту да, Ош облустук соту да аны актаган. Көп өтпөй бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Өткөн жылдын 30-ноябрында УКМК Досоновдун «менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар» деп издөө жарыялаган. Кримтөбөл 2021-жылдын 11-февралында кармалып, абакка киргизилген.

Ошол эле жылдын 17-февралында атайын кызмат Досонов «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого» да шектелип жатканsy кабарлаган. Ошондой эле, УКМК «Женго» жана анын жакын туугандарына ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси катталганын билдирген.

Анткен менен Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева «Женго» кармалбаганын, өзү келгенин кабарлаган. Ошондой эле, ал Досоновдун уулуна жана мурдагы жубайынын бир тууганына укук коргоо органдары тарабынан баңгизат «ташталганын» белгилеген.

Мындан сырткары жактоочу УКМКнын кызматкерлери Досоновго буга чейин «эл көзүнө кармалып берүүсүн» сунуштаганын ачыктаган. Адвокаттын айтымында, атайын кызмат «Досонов аз эле отуруп чыгат» деп убада кылган.

Бирок Сүйүнбаева бул сунуштан баш тарткандан кийин атайын кызмат анын үйүндө «мыйзамсыз» тинтүү жүргүзгөнүн кабарлаган.

Дагы окуңуз:

Cот «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновду актады