Жогорку сот кримтөбөл Досоновго чыккан өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү

Жогорку сот «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновго карата эки инстанция чыгарган өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу 30-сентябрда соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, Досоновго карата чечим прокурордун көрсөтмөсү менен 21-сентябрда чыккан.

«Иш жаңы курам менен биринчи инстанцияга кайрадан кароого жөнөтүлдү», — деп билдиришти Жогорку соттон.

Соттон сөз «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» беренеси менен козголгон иш тууралуу болуп жатканын билдиришти. Буга чейин «Женго» аталган иште кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

2022-жылдын июнь айында Ош облусунун Кара-Суу райондук соту Досонововду жерди өз билемдик менен басып алуу иши боюнча актаган. Анда иш кылмыштын мөөнөтү эскирип кеткендиктен кыскартылган.

Досонов уюшкан кылмыштуу топтордун биринин лидери катары белгилүү. Мурда ал бир нече жолу кармалган, бирок сот Досоновду актап, эркиндикке чыгара берген.

2021-жылдын февралында Досонов өз ыктыяры менен УКМКнын колуна түшүп берип, камакка алынган. Декабрь айында сот анын баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырган. Бирок кийин сот «“Женгонун” кылмыштарынын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ордун эске алып» УКМКнын ТИЗОсунда калтыруу чечимин чыгарган.