Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) Баткендеги социалдык объектилерди куруунун баасын 123 млн сомго кымбат көрсөткөн. Бул тууралуу 19-январда президенттик администрациянын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, АРИС 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда талкаланган социалдык объектилерди оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул иштерге АРИС эл аралык каржы уюмдарынан насыя алып, чыгымдардын сметасы 452 млн сомдон жогору деп бааланып, тендер жарыяланган.
«Мамлекет АРИСтин баалоосуна альтернативдүү рыноктогу баа менен салыштырып эсептеп чыкты. Жыйынтыгында 123 млн сомго көп бааланганы аныкталды. Буга чейин мамлекет сырттан алган насыяларга жол, стратегиялык обьектилерди курганда ушундай эле тендерлер жарыяланып, ортодон ар кимиси “доляга” отуруп, кымбат баалап, уурдап, талап-тоноп келишкен. Анын кесепетинен мамлекеттин тышкы карызы өсүп, элдин мойнуна илинген», — деп жазды Орунбеков Фейсбук барагында.
Ал 225 окуучуга делген мектептин курулушу 115 млн сомго бааланып, башка аймактагы ушундай эле мектеп 85 млн сомго курулганын мисал келтирди. Анын айтымында, АРИСтегилер бала бакчанын курулушун 91 млн сомго баалашкан, ал эми ушундай эле бала бакчалар 59-60 млн сомго курулуп келген.
Орунбеков АРИС эл аралык каржы уюмдарынан алган каражаттар мамлекеттин кепилдиги менен келгенин, ал гранттык эмес, насыя каражаттары экенин белгиледи.
«Президентибиз Садыр Жапаров [...] элдин ырыскысынан пайда көрөм дегендерге жол бербөө тапшырмасын койду. Мамлекет АРИСтин долбоорунан баш тартат [...] Курулуш кеч бүтсө дагы, мамлекет өзүнүн каражатына салуу чечимин кабыл алды. Сырттан карыз алып, жарымын мамлекетке жумшап, калганын өзүнө алган уюмдарга дагы эскертебиз, мындан ары эски түшүнүктөрдү унуткула. Президентибиз тендерден уурдап жана насыя алып пайда көрүүнү максат кылгандарга жол бербейт», — деп белгиледи Орунбеков.
АРИС — коммерциялык эмес уюм, сырттан келген каражаттын эсебинен ири инфраструктуралык жана айыл чарба долбоорлорун каржылаган мамлекеттик агенттик. Каражаттын көп бөлүгү — жалпы сумманын 30%дан 90%га чейинкиси — БУУ, Бүткүл дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык уюмдар жана Германиянын өкмөтү тарабынан бөлүнөт.Калган сумманы Кыргызстандын өкмөтү бюджеттен бөлүп берет же эл аралык уюмдардан насыяга алат. Уюмдун юридикалык жак деген макамы бар.
Баткенди калыбына келтирүүнүн жай темпи
Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.
Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киш экенин жазган.
Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптап жатат.
Минкабдын маалыматына ылайык, жаңжалдын кесепетинен 661 үй жабыркаган, алардын 423ү жашоо үчүн жараксыз абалда, ал эми 238и ремонтко муктаж. Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттык сактоо мекемеси, 15 административдик мааниге ээ имарат, бир көпүрө, 197 турак-жай, 337 сарай жана 61 автоунаа талкаланган.
22-сентябрда президент Садыр Жапаров суук түшкөнгө чейин кыска убакытта жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүнү, ал эми толугу менен кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын курууну тапшырган.
Бирок баткендиктер бийлик бүгүнкү күнгө чейин алардын үйлөрүн калыбына келтирип бере электигин айтып нааразы болушууда. 2023-жылдын январь айынын орто ченине карата бийлик кыйраган 400 үйдүн 45ин гана куруп бүттү.