Баткен: Чек арада өрттөлүп, талкаланган 400дөн ашык үйдүн 45и курулуп бүттү

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу жаңжалда талкаланган үйлөрдүн 45инин курулушу бүтүп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу 18-январда Баткен облустук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, пайдаланууга берилген үй ээлерине президенттин атынан 100 миң сомдон тапшырылган. Ал эми калган үйлөрдүн курулушу уланып жатат.

Узаган жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал Кыргызстандын 63 жаранынын өмүрүн алды. 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болуп, жүздөгөн үй-бүлө башпаанексиз калды.

Кыргыз бийлиги тургундарга үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүүнү убадалаганы менен ал аткарылган жок. Ушул тапта да туугандарыныкында же батирлерде жашап, үйүнүн курулуп бүтүшүн күтүп жаткан баткендиктердин саны арбын.

Алар курулуш иштерин тездетүүнү жана чек ара көйгөйүн чечүүнү талап кылып келишет.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жаан жаап, чатырдан суу өтүп жатат». Баткендиктер оңдоо иштери басаңдап жатканына тынчсызданууда