Ошто «Муслим» турак жай кооперативинин жетекчисине кылмыш иши козголду

Ош шаарында «Муслим» турак жай кооперативинин жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы 19-январда кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган турак жай кооперативинин жетекчисинин үстүнөн жалпы 8 арыз түшкөн. Тургундар аял үй же унаа алып берүүнү абадалап акча алып, бирок убаданы да аткарбай, акчаны да кайтарбай жүргөнүнө даттанышкан.

«Мисалы, бир жаран үй алуу үчүн 1,6 млн сом берсе, башка бири автоунаага деп 210 миӊ сом бергенин арыздарында билдиришкен. Аталган кооперативжен жабыркагандар Ош шаарында гана эмес, башка аймактарда да болушу мүмкүн», — деп жазылат милиция тараткан маалыматта.

ШИИБден «Муслим» турак жай кооперативинен жабыркагандар болсо милицияга төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болорун белгилешти: 03222-6-64-02, 0700-50-50-37.

Акыркы жылдары турак жай жана унаа алып берүүнү убадалаган бир нече кооперативдер пайда болгон. Алардын көпчүлүгүнүн ээлери кармалып, камакка алынган — ал эми аларга ишенген тургундар миллиондогон чыгымдарга учурашкан.

ИИМ кыргызстандыктарды каржы пирамидасынын белгилери бар кооперативдерге кошулбоого чакырып келет. Ошондой эле кооперативге салынган акчалар кайтарылбашы мүмкүн экени эскертилет.

Автору: Аида Турсуналиева

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Биринчи турак жай» кооперативинин жетекчиси Исматиллаев бир айга камакка алынды

«Ихсан» кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева эки айга камалды

Ош: «Ихсан» кооперативине нааразы болгондор кайрадан митингге чыгышты