Ош: «Биринчи турак жай» кооперативинин жетекчиси Исматиллаев бир айга камакка алынды

Ош шаардык соту 18-июлда «Биринчи турак жай» кооперативинин жетекчиси Бердияр Исматиллаевдин бөгөт чарасын карап, 15-августка чейин камакка алды.

Бердияр Исматиллаевдин үстүнөн «Алдамчылык» жана «Ишенип берилген мүлктү мыйзамсыз ээлеп алуу» фактылары менен кылмыш иши козголуп, 16-июлда кармалган.

Ош ШИИБдин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап «Биринчи турак жай» кооперативине нааразы болгон кардарлар милицияга арыз менен кайрыла башташкан.

Тургундар аталган кооперативге акчаларын салып, бирок убадаланган мүлктү албаганына даттанышкан. Жалпысынан келтирилген зыяндын өлчөмү 18 миллион 188 миң 260 сомду түзгөн.

Буга чейин, 22-мартта «Биринчи турак жай кооперативи» уюмуна нааразы болгон ондон ашык тургун Ош ШИИБөнин имаратынын алдына митингге чыккан. Чогулгандар Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунун аймактарынан келгенин айтышкан.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Биринчи турак жай» кооперативи 2017-жылы катоодон өткөн. Дироктору катары Бердияр Исматиллаев көрсөтүлгөн. Ал эми негиздөөчүлөрү — Жанарбек Сатыкеев, Жанна Теркина, Бердияр Исматиллаев, Нургүл Кошбакова жана Николай Алещенко.

Үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда «Ихсан» кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаеванын үстүнөн «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен иш козголуп, кармалган. Ал эми 14-июлда Биринчи май райондук соту шекүүнү эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

ИИМден үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап өлкөнүн бардык аймактарынан аталган кооперативдин үстүнөн арыздар түшкөнүн билдиришкен. Тергөөнүн жүрүшүндө жалпысынан келтирилген зыян 121 млн 313 миң 950 сомду түзгөнү аныкталган.

Тема боюнча:

Ошто «Биринчи турак жай кооперативинин» ишине нааразы болгон тургундар митингге чыкты