Ыш менен күрөшүү: Шаардагы конуштардын тургундары газга өтүүгө милдеттендирилет

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы менен облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда республикалык кеңешме өтүп жатат. «Кабар» улуттук агенттиги билдиргендей, кеңешмеде Жапаров шаар бийлигине калаадагы ыш маселесин чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Алсак, минкабдын төрагасы шаардагы конуштардын тургундарын жакынкы эки жылдын ичинде газга өтүүгө милдеттендирүү тапшырды. Жапаровдун айтымында, бул иш 2023-жылдын март айында башталууга тийиш.

Ал быйыл калган 20 жаңы конушту газга туташтыруу ишин бүткөрүүнү дагы тапшырды. Бүгүнкү күндө газга туташуу мүмкүнчүлүгү 27 конушта бар.

«Марттан тартып шаардагы 22 откананы газга өткөрү керек. Конуштардын тургундарына газ менен жылытууга өтүү учур талабы экенин түшүндүрүү зарыл. Эгерде алардын газга кошулууга мүмкүнчүлүктөрү болсо, анда газ менен гана жылытууга өтүшү керек. Эгер алар көмүр жагууну улантышса, штраф же башка санкцияларды киргизүү керек», — деди Жапаров.

Шаардын мэри Эмилбек Абдыкадыров өкмөт башчысына конуштардын тургундарынын меш жана туташтыруу акысы кымбат болуп жаткандыктан көгүлтүр от жагууга өтүүсү чабал болуда деп жооп берди. Жапаров бул маселени чечүү жолдорун карап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле Жапаров шаар мэрине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга жүк ташуучу унааларга күндүзгү маалда шаарга кирүүгө тыюу салган тартипти иштеп чыгууну тапшырды. Ал шаарды айланып өткөн транзиттик маршруттарды дагы иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.

«Транзиттик транспорт шаар аймагына кирбестен, борборду айланып өтүшү керек. Катализаторлору жок эски унаалар да шаарда жүрбөшү керек», — деп белгиледи ал.

Катализаторлору жок эски унаалар көйгөйүн чечиш үчүн Жапаров шаардын кире беришине «автотузактарды» орнотууну сунуштады.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын күн сууктап баштаганда Бишкек абасы булганган шаарлардын рейтингинде биринчи орундарга чыгат.

Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — жеке үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланылган көмүр экени тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялаган. Ошондой эле, бийлик калаадагы абанын булганышына сапатсыз бензин менен жыш жайгашкан курулуштар себеп экенин атаган.

Андан тышкары, ЮНИСЕФ жарыялаган изилдөөгө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасиринен 112 адам кайтыш болгон. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги изилдөөдө келтирилген сандан күмөн санаган.

Бирок, январдын башында, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Бишкектин тургундарын күтүлүп жаткан ыш жана сууктан улам жакынкы күндөрү көчөгө чыкпоого чакырган.

Ал эми үйдөн чыгууга аргысыздарга ачык абада спорт менен машыкпоо, дененин ачык жерлерин (бетти, колдорду) жаап, сезонго ылайык кийинүү, беткап же респиратор тагынып жүрүү, кымгуут убакта эшикке чыкпоо, автотранспорт көп чогулган жерлерден (базар, көчөнүн кесилиштери) алыс жүрүү сунушталган.

Мурдараак президент Садыр Жапаров Бишкектеги ыш маселесине комментарий берип жатып, «желим жана чүпүрөк жагып жаткан» мончолордун ордуна жаңы мончолорду курууну сунуштаган. Ошондой эле, өлкөнүн тышкы карызын «жашыл» долбоорлор боюнча демилгелерге алмаштыруу маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

Тема боюнча окуңуз: Сунуштарыбыз аткарылбай, абал өзгөрбөй жатат — Movegreen’дин башчысы Бишкектеги ыш тууралуу

Башкы бетте архивдик сүрөт / Михаил Дудин.