Бишкектиктерге жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан ыштан улам үйдөн чыкпоо сунушталды

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Бишкектин тургундарын күтүлүп жаткан ыш жана сууктан улам жакынкы күндөрү көчөгө чыкпоого чакырды. Мындай сунушун мекеме 10-январда жасады.

Ал жактан күтүлүп жаткан аномалдык суукта жеке сектордогулар үйлөрүн көмүр, айрым «уятсыз тургундар» ар кандай чыгындыларды жагып жылытарын белгилешти. Алар күйгөндө адамдын ден соолугуна терс таасир эткен катуу бөлүкчөлөр бөлүнүп чыгат.

«Калк, айрыкча өнөкөт оорулары (жүрөк-кан тамыр, тамак-дем алуу системасы, онкологиялык, аллергия оорулары)» бар адамдар, 1 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдарга мүмкүн болсо эшикке чыкпай эле коюу сунушталат», — деп кайрылышты мекемеден. Үйдөн чыгууга аргысыздарга төмөнкүлөр сунушталат:

  • ачык абада спорт менен машыкпоо;
  • дененин ачык жерлерин (бетти, колдорду) жаап, сезонго ылайык кийинүү, беткап же респиратор тагынып жүрүү сунушталат;
  • кымгуут убакта эшикке чыкпоо, автотранспорт көп чогулган жерлерден (базар, көчөнүн кесилиштери) алыс жүрүү.

Буга чейин синоптиктер өлкөдө 9-январдан тарта аномалдык суук күтүлөрүн эскертишкен. Алсак, синоптиктер 9-10-январь күндөрү кар жаап, андан соң абанын температурасы кескин сууктап, Бишкек жана Чүйдө -20°C, ал эми Нарында -28°C чейин болот деп болжогон.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын күн сууп баштаганда Бишкекте абанын сапаты начарлап, тургундар ыштан жабыркайт. Ошондой эле Кыргызстандын борбору бир нече жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарда келе жатат.

2022-жылдын аягында аткаминерлер менен саясатчылар ыш темасын кайрадан активдүү талкуулашкан. Бирок азырынча бул талкуулар Бишкектин мэри Эмил Абдыкадыров жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы кызматтан кетирүү сунушу же абанын кирдешин ченеген датчиктердин тактыгына күмөн саноо менен гана аяктаган. Ал эми президент өз кезегинде «желим жана чүпүрөк жагып жаткан» мончолордун ордуна жаңы мончолорду курууну сунуштаган.

Ал арада декабрдын башында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүү үчүн БУУдан 6,7 млрд доллар өлчөмүндө грант сураганы белгилүү болгон.

Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — жеке үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланылган көмүр экени тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялаган. Ошондой эле, бийлик абанын булганышынын негизги себептери катары сапатсыз көмүр, күйүүчү майларды атаган.

Жакында ЮНИСЕФ «Абанын булганышынын Бишкектеги аялдар жана балдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектисине тийгизген таасири» деген аталыштагы изилдөөнү жарылаган.

Изилдөөгө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасири 112 кишинин өлүмүнө алып келген. Саламаттык сактоо министрлигинен мындай сандар боюнча күмөнү бар экенин, жана так маалыматтарды сурап ЮНИСЕФке кайрылышканын айтып жооп беришкен.

Башкы бетте архивдик сүрөт: Михаил Дудин.