Башкы прокуратура: УКМКнын тергөөчүсү ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалды

УКМКнын Ош шаарындагы имараты, 20-январь. Сүрөт: Бакай Алмаз / Kloop

Маалымат 18:30да жаңыртылды

20-январда УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү 15 миң доллар пара алып жатканда кармалды. Маалыматты «Клоопко» Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Көзөмөл органдан 19-январда УКМКнын тергөөчүсү шаар тургунуна карата иш козгоону токтотуу үчүн 20 миң доллар пара талап кылганы тууралуу билдирүү түшкөнүн белгилешти.

Бул факты боюнча прокуратура «Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Азыркы тапта башка кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгы бар-жогу аныкталып жатат.

Буга чейин, 20-январь күнү, бир катар ЖМКлар жеке булактарына таянып, болжол менен саат 16:00 чамасында ИИМдин атайын аскерлеринен турган 20 чакты аскер УКМКнын Оштогу бөлүмүнө бастырып киргенин жазышкан. ИИМ жана УКМК кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан.

24.kg басылмасы болсо атайын кызматтын тергөөчүсү ири өлчөмдө пара алууга шектелип, бул боюнча Башкы прокуратура иш козгогонун белгилеген.

Көзөмөл органы ИИМдин атайын отряды УКМКнын Оштогу башкармалыгынын имаратына бастырып киргени тууралуу маалымат берген жок.

Окуя болгон жерде жүргөн «Клооптун» журналисти Бакай Алмаз ИИМдин кызматкерине таянып, эки мекеменин кызматкерлеринин ортосунда тартышуу болбогонун айтты. Ошондой эле, шектүүнү жашыруун эшик аркылуу имараттан чыгарып кетишкенин белгиледи.