Бишкектеги ыш: Мэрия такси кызматын көрсөткөн электр унааларын ишке киргизүүнү пландап жатат

Эмилбек Абдыкадыров. Сүрөт: Бишкек шаардык мэрия

Бишкек шаардык мэриясы такси кызматын көрсөткөн электромобилдерди ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров 21-январда «Кабар» маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, долбоор ышка каршы күрөшүү чараларынын алкагында иштелип чыгууда.

«Биз бир нече инвесторлор менен такси кызматына электромобилдерди киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштадык. Жок дегенде 500 унаадан баштаса жакшы болмок. Андан кийин Бишкекте такси айдаган айдоочуларды жаңы унааларга өтүүгө чакырсак болот», — деди ал.

Абдыкадров мэриядагы адистер унаалардын катализаторлору боюнча Экология, Транспорт жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте минкабга сунуш даярдап жатышканын кошумчалады.

«Такси кызматтарын негизинен аймактардан келгендер көрсөтүшөт. Коопсуздук, тазалык, айдоочулардын квалификациясы, унааларынын абалы боюнча эч ким көзөмөлдөбөйт. Алардын унааларында катализаторлор жок, жүргүнчүлөрдү ташуудагы техникалык талаптарга жооп берип-бербеши көптөгөн суроолорду жаратууда», — деди калаа башчысы.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын күн сууктап баштаганда Бишкек абасы булганган шаарлардын рейтингинде биринчи орундарга чыгат.

Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — жеке үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланылган көмүр экени тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялаган. Ошондой эле, бийлик калаадагы абанын булганышына сапатсыз бензин менен жыш жайгашкан курулуштар себеп экенин атаган.

Андан тышкары, ЮНИСЕФ жарыялаган изилдөөгө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасиринен 112 адам кайтыш болгон. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги изилдөөдө келтирилген сандан күмөн санаган.

Бирок, январдын башында, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Бишкектин тургундарын күтүлүп жаткан ыш жана сууктан улам жакынкы күндөрү көчөгө чыкпоого чакырган.

Ал эми үйдөн чыгууга аргысыздарга ачык абада спорт менен машыкпоо, дененин ачык жерлерин (бетти, колдорду) жаап, сезонго ылайык кийинүү, беткап же респиратор тагынып жүрүү, кымгуут убакта эшикке чыкпоо, автотранспорт көп чогулган жерлерден (базар, көчөнүн кесилиштери) алыс жүрүү сунушталган.

Мурдараак президент Садыр Жапаров Бишкектеги ыш маселесине комментарий берип жатып, «желим жана чүпүрөк жагып жаткан» мончолордун ордуна жаңы мончолорду курууну сунуштаган. Ошондой эле, өлкөнүн тышкы карызын «жашыл» долбоорлор боюнча демилгелерге алмаштыруу маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сунуштарыбыз аткарылбай, абал өзгөрбөй жатат — Movegreen’дин башчысы Бишкектеги ыш тууралуу