Акжол Махмудовдун агасы Сыймык грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

2023-жылдагы грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты 21-22-январь күндөрү Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Сыймык Махмудов 63 килограмга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Ал жалпы 18 спортчу катышкан чемпионаттын финалында Дастан Кадыровду жеңип алтын тагынды.

26 жаштагы Сыймык Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун бир тууган агасы. Спортчулардын атасы Мухамед Махмудов кабарды өзүнүн фейсбук барагына да жарыялады.

Сыймык жана Мухамед Махмудовдор
Сүрөт: Мухамед Махмудовдун фейсбук барагы

«Сыймык шаарыбыздагы 66-гимназия орто мектебин алтын медалга бүтүрүп, Кыргыз Орусия славян университетинин юридика факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, Юридика Университетинин магистратурасын ийгиликтуу аяктаган эле, бүгүн мамлекетибиздин чемпиону болуп сүйүнтүрүп отурат», — деп жазды Мухамед Махмудов.

Чемпионаттын жыйынтыктары

Мелдештин биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82 жана 97 кг салмак категориясы боюнча таймаштар өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Экинчи күнү, 22-январда беш салмак категориясы боюнча — 60, 67, 77, 87 жана 130 кг — кармаштар өтүп чемпионат жыйынтыкталды.

Мелдештин биринчи күнүнүн жеңүүчүлөрү жана байге ээлери:

55 кг

1-орун – Сардарбек Конушбаев

2-орун – Муратбек уулу Улан

3-орун – Нурболот Бердикулов, Бейшенбек уулу Таалайбек

63 кг

1-орун – Сыймык Махмудов

2-орун – Дастан Кадыров

3-орун – Баяман Каримов, Бекназар Бакытбек уулу

72 кг

1-орун – Нуржигит Кеңешбек уулу

2-орун – Адилхан Нурланбеков

3-орун – Абдулазиз Аскарбеков, Хабибулло Тынчтык уулу

82 кг

1-орун – Акылбек Талантбеков

2-орун – Асан Жанышов

3-орун – Бексултан Назарбаев, Темирлан Бектурдиев

97 кг

1-орун – Нурманбет Раймалы уулу

2-орун – Аркыт Орозбеков

3-орун – Бекжан Жумабеков, Дастан Иманбердиев

Мелдештин экинчи күнүнүн жеңүүчүлөрү жана байге ээлери:

60 кг

1-орун – Нурмухаммет Абдуллаев

2-орун – Акыл Сулайманов

3-орун – Курманбек Жапаров, Афтандил Таалайбек уулу

67 кг

1-орун – Раззак Бейшекеев

2-орун – Тынар Шаршенбеков

3-орун – Халмурат Ибрагимов, Равшан Чыныбек уулу

77 кг

1-орун – Ырыскелди Максатбек уулу

2-орун – Эрлан Марс уулу

3-орун – Бекзат Орункул уулу, Алибек Бердиев

87 кг

1-орун – Атабек Азисбеков

2-орун – Азат Салидинов

3-орун – Руслан Царёв, Калидин Асыкеев

130 кг

1-орун – Роман Ким

2-орун – Миляс Марков

3-орун – Самаган Ормонов, Эрлан Манатбеков

Тема боюнча:

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду