«Азаттык»: Орус жарандыгы бар кыргызстандыктарды Орусиядан чыгарбай жатышат

Орус жарандыгын алган кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар Орусиядан чыгарылбай жатат. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысы билдирди.

Мындан бир канча жыл мурда орус паспортун алган кыргызстандык Бекболот журналисттерге 2022-жылдын 22-декабрында аны Орусиядан чыгарбай коюшканын айтып берди.

«Орус чек арачылары сылык гана "сиз мобилизациялык тизмеде экенсиз. Мыйзам деген бар, кайтыңыз, 12-февралга чейин чет жакка чыга албайсыз" деп түшүндүрүштү. 20-декабрда Москвадан чыктык эле, 22синде кайра кайтып келдим», — дейт Бекболот.

Бекболоттун айтымында, мобилизация башталгандан кийин анын орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык тааныштары аскердик пункттарга чакыруу алган. Ал айрым орус жарандыгы бар кыргызстандыктарды 60 жашка чукулдап калса да Украинага жөнөтүшкөнүн укканын айтат.

Бекболотту дагы жакында эле Москвадагы аскер коммисариатына чыкырышкан.

«Мага ачык эле айтышты. Сентябрдагы мобилизация учурунда да, азыркы мезгилде да сыртка чыгып кеткендерге сурагы чоң болорун эскертишти. Мигранттарга гана эмес, өздөрүнүн улутташтарына да ырайым болбосун, Федералдык коопсуздук кызматы "жердин түбүнөн болсо да таап чыгарын" айтышты. Менимче бул жолку мобилизация мурдагыдай ачык эмес, бирок катаал болчудай», — деди ал.

«Азаттык» радиосу КМШ өлкөлөрүнүнүн орусиянын паспортун алган башка жарандарынан дагы өлкөдөн чыга албай жатканы жөнүндө билдирүүлөрдү алганын ырастады.

Ал эми Зафар аттуу Тажикстандык мигрант журналисттерге орусиянын паспортун алган байкесин дагы Казакстанга киргизбей коюшканын айтып берди.

«Аны кайра Сургутка жөнөтүштү, ал менен чогуу келе жаткандарды орусиянын паспорту жок болгондуктан үйлөрүнө [Борбор Азияга] кетүүгө уруксат беришти […] Менин байкеме аскер курагындагы орусиялыктардын азырынча чет мамлекетке кетүүсү мүмкүн эместигин айтышыптыр», — деди Зафар.

13-январда Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус жарандыгын алган чет өлкөлүктөр Украинадагы «атайын аскердик операцияга» тартылышы керек деп билдирген.

«Статистикада чет өлкөлүктөр аскердик кызмат өтөбөй туруп орус жарандыгын массалык түрдө алып жатканы айтылат. Соңку эки жылда жарандыкты Борбор Азия менен Кавказдан бир миллиондон ашык адам, анын ичинде 550 миңин Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жарандары алышкан», — деген Бастрыкин.

Орусиядагы мобилизация

Украинага кол салганына жарым жылдан ашкандан кийин, 2022-жылдын 21-сентябрында, Орусия «жарым-жартылай мобилизация» жарыялаган.

Анда укук коргоочу Валентина Чупик Борбор Азиядан келген эмгек мигранттарын Москвадагы «Сахарово» миграциялык борборунда аскердик кызмат өтөө тууралуу келишимге алдап кол койдуртуп жатышканын билдирген.

Ошол эле кезде, кыргыз бийлиги аталган өлкөдөгү кыргызстандыктар согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышса кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылаарын эскерткен. Ошондой эле Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарына согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе дароо элчиликке кайрылуу керектигин өтүнүшкөн.

Орусиянын ИИМнин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алты айында эле 10,6 миң кыргызстандык орусия жарандыгын алган. 2021-жылдын ушул айларында орусия жарандыгын 8,4 миң кыргызстандык алган.

Башкы беттеги сүрөт: Улан Асаналиев / «Азаттык».

Дагы окуңуз: Юрист жооп берет: Мигранттар, кош жарандыгы барлар мобилизация тууралуу эмнелерди билиши керек?