«Кыргыз темир жолу» ишканасы 1 млрд 200 млн сомдук мыйзам бузуу тууралуу түшүндүрмө берди

Сүрөт: Акипресс

15-январда «Кыргыз темир жолу» ишканасы Эсеп палатасы аныктаган 1 млрд 227,6 млн сомдук мыйзам бузуу жана каражатты сарптоодогу кемчиликтер тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу аталган ишкананын фейсбук барагында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын экинчи жарымында финансылык-чарбалык иштин эсебин ачык-айкын жүргүзүү жана эсептөөнү автоматташтыруу максатында бардык түзүмдөрдө 1С программасынын 8.3 версиясынын негизинде автоматташтырылган эсепке алуу жана отчёттуулук базасы түзүлгөн.

«Компаниянын финансылык отчёттуулук процессин автоматташтырышы компанияга өткөн жылдардагы туура эмес эсепти өз алдынча аныктоого мүмкүндүк берди», — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик ишкана автоматташтыруунун ишке кириши менен «баланстар иретке келтирилип, бухгалтердик операциялар оңдолуп, мындан ары консолидацияланган финансылык отчёттор бүтүндөй ишкана жана филиалдар боюнча автоматтык түрдө түзүлөрүн» белгиледи.

«Эсеп палатасы аныктаган дебитордук карыз ишкананын мурунку жетекчилигинин тушунда түзүлгөн, ал эми учурда кылмыш иши козголуп, аларды кайтарып алуу чаралары көрүлүүдө», — деп билдирди «Кыргыз темир жолу» ишканасы.

Ошондой эле ишкана тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузууларды оңдоо жана документтерди берүү менен аудитке ар тараптуу көмөк көрсөтүлгөнүн кошумчалашты.

Буга чейин, 14-январда, Эсеп палатасы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында каржылык мыйзам бузууларды жана каражатты сарптоодогу кемчиликтерди аныктаган.

Анын ичинде эмгек акылардын негизсиз төлөмдөрү, иш сапардын чыгымдарын негизсиз эсептөө жана курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн ашыкча баалоо фактылары камтылган.

Мындан тышкары бухгалтердик эсепке жашырылган дебитордук карыз 1 млрд 165,1 млн сомду түзгөн. Текшерүү учурунда 1 млрд 105,4 млн сом калыбына келтирилген. Ишкананын кредитордук карызы 59 миллион 497,5 миң сомго ашыкча көрсөтүлүп, 59,3 миллион сому калыбына келтирилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЭВФ: «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамды өзгөртүү — коррупцияны көбөйтөт

Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн кирешени эки эсе ашырып айткан