Самарканд: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу келишимине кол коюлду

Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканд шаарында өтүп жаткан саммитинде Кыргызстандын аймагынан өтүүчү Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Макулдашууга Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана видеоконференция форматында катышкан КЭРдин өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Хэ Лифэн кол койду.

«Документте Кыргыз Республикасынын аймагындагы тилкеде “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” каттамынын бириктирилген варианты боюнча “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин ийгиликтүү бүтүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүү каралган», — деп айтылат билдирүүдө.

Техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) Кытай темир жол корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институту жүргүзөт. ТЭН боюнча бардык иштерди аяктоо мөөнөтү (баалоо жүргүзүү убактысын кошкондо) — 2023-жылдын 1-июнунан кеч эмес.

Тараптар ТЭНди каржылоо боюнча келишим түзүүнү пландап жатышат.

«"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушу Кыргызстандын транспорт тармагындагы маанилүү долбоор болуп саналат. [...] Долбоор транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүнү аралыктын жана жүк жеткирүү убактысын кыскартуу аркылуу арттырат», — деп белгилешти президенттин администрациясынан.

Басма сөз кызматтан жаңы темир жол Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачарын кошумчалашты.

Кыргыз бийлиги долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө жалпы социалдык-экономикалык оң таасирин тийгизет жана калкка транспорттук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө таасир этет деген үмүттө.

Чыгыш менен батышты байланыштыруучу жол

Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Өзбекстан, Иран, Түркия аркылуу өтүп, Европага чыга турган темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына дээрлик 20 жыл болду.

Бул жол Кыргызстанга дээрлик бүткүл Азияны — Кытайдын жээгинен баштап Перс булуңуна чейин байланыштыра турган континенталдык көпүрөнүн бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк берет.

Магистралдан жылына 7 млн тоннадан 13 млн тоннага чейин жүк ташууга болот деп күтүлүүдө. Кыргызстандын эсеби боюнча алардын 80%ы транзит, калганы — Кыргызстандын өзүнүн соода-сатыгы болот. Мурда Кыргызстан транзиттин өзүнөн эле жыл сайын 200 млн доллар киреше ала алары айтылып жүргөн.

Долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 5 млрд долларга бааланууда.

Май айында Садыр Жапаров темир жолдун курулушу 2023-жылы башталарын айткан. Августта Кыргызстанга Кытайдын долбоордук институтунан 80 адис келген. Алар Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун ТЭНди иштеп чыгышары айтылган.