Бишкекте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоордун кеңсеси ачылат

Бишкекте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоордун кеңсеси ачылат. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиеевдин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, 454 чакырым узундуктагы жаңы темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин 1-июнга чейин даярдоо пландалып жатат. Ошол эле маалда долбоорду башкаруунун формасы жана тартиби азырынча талкууланып, ошондой эле эл аралык каржы уюмдары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кытай адистеринен турган топ талаа иштерин аяктады«жакын арада» , кыргыз жана өзбек тарапка андан ары экспертиза жүргүзүү үчүн долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоорун берет.

2022-жылдын сентябрында аталган үч өлкөнүн өкүлдөрү Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканд шаарында өткөн саммитинде Кыргызстандын аймагынан өтүүчү Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Макулдашууларга ылайык, темир жол Торугарт — Арпа — Макмал — Жалал-Абад маршруту боюнча өтөт.

«“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Кыргызстандын транспорт тармагындагы маанилүү долбоор болуп саналат. [...] Долбоор транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүнү аралыктын жана жүк жеткирүү убактысын кыскартуу аркылуу арттырат», — деп белгилешкен кыргыз президентинин администрациясынан.

Басма сөз кызматтан жаңы темир жол Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачарын кошумчалашкан.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров долбоордун болжолдуу баасы 6 млрд долларга бааланып жатканын айткан.

Чыгыш менен батышты байланыштыруучу жол

Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Өзбекстан, Иран, Түркия аркылуу өтүп, Европага чыга турган темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына дээрлик 20 жыл болду.

Бул жол Кыргызстанга дээрлик бүткүл Азияны — Кытайдын жээгинен баштап Перс булуңуна чейин байланыштыра турган континенталдык көпүрөнүн бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк берет.

Магистралдан жылына 7 млн тоннадан 13 млн тоннага чейин жүк ташууга болот деп күтүлүүдө. Кыргызстандын эсеби боюнча алардын 80%ы транзит, калганы — Кыргызстандын өзүнүн соода-сатыгы болот. Мурда Кыргызстан транзиттин өзүнөн эле жыл сайын 200 млн доллар киреше ала алары айтылып жүргөн.

Май айында Садыр Жапаров темир жолдун курулушу 2023-жылы башталарын айткан.