Чүй: Үч күн катары менен аялдарды көкүрөк жана жатын рагына акысыз текшерүү өнөктүгү жүрөт

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана БУУнун UNFPA фондунун колдоосу менен 25-27-январь күндөрү Чүйдө көкүрөк жана жатын рагынын алдын алуу максатында аялдарды акысыз текшерүүдөн өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору маалымдады.

Өнөктүк 4-февраль Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулуп жатат.

Чүй облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунда жана Лебединовка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бул күндөрү саат 12:00дөн 16:00гө чейин кызмат көрсөтөт.

25 жаштан 60 жашка чейинки курактагы бардык каалоочулар акысыз медициналык кароодон өтсө болот.

«Бул акцияга Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун үч врач акушер-гинекологу катышат. Текшерилүүгө келген аялдардан паспорт гана талап кылынат»,— деп билдиришти Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунан.

Ошондой эле, кененирээк маалымат алуу үчүн (0312)333105 номеру аркылуу байланышса болорун кошумчалашты.

Ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматына ылайык, Борбор Азияда жатын жана көкүрөк рагынан көз жумгандардын саны боюнча Кыргызстан сап башында турат. Өлкөдө жыл сайын онкологиялык ооруга чалдыккан 5,5 миң жаңы учуру катталат.

Көкүрөк жана жатын рагына текшерүү

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык медициналык гуманитардык уюму( MSF) бирликте Көкүрөк жана жатын рагынын алдын алуу программасын ишке ашырган. Программа үч жылдын ичинде 60 миңге жакын аялдарды текшерүү пландалган.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борборунун маалыматына таянсак, 2022-жылдын 15-июнунан бери 3500 аял текшерүүдөн өткөн. Анын ичинен бир аялда көкүрөк безинин рагы аныкталган. 2441 аял көкүрөк безинин рагына, 2219 аял жатын моюнчасынын рагына скринингден өткөн. 1100 аялда жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар аныкталып, дарыланган. 2029 аял үй-бүлөнү пландоо боюнча консультация алышкан.