Парламентте каржы пирамидаларын жарнамалагандарды жоопко тартуу демилгеси колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 24-январда каржы пирамидаларын жарнамалагандарды жоопко тартуу демилгесин колдоду.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Шаирбек Ташиев учурда каржы пирамидасын жарнамалагандардын жоопкерчилиги каралбаганын, эгер сунуш өтсө 2-2,5 миллион сом айыппул же 3-5 жыл эркинен ажыратуу чарасы колдонуларын айтты.

«Түзөтүүлөр кабыл алынгандан кийин, мындай иштер үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралгандыктан, блогерлер, ар кандай уюмдардын активисттери жана башка коомдук инсандар тигил же бул каржы өнүмдөрүн жарнамалоодо кыйла этият жана жоопкерчиликтүү болушат деп ишенебиз. Анын үстүнө, бул кылмыш жоопкерчилигине алып келет», — деди Шаирбек Ташиев.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Буга чейин Кыргызстанда бир катар каржы пирамидаларынын ээлерине кылмыш иши козголуп, жарандар миллиондогон чыгымдарга учурашкан. Мындан сырткары ИИМ турак жай кооперативдеринде да каржы пирамидасынын белгилери бар экенин эскертип келет.

Акыркы жылдары турак жай жана унаа алып берүүнү убадалаган бир нече кооперативдер пайда болгон. Алардын көпчүлүгүнүн ээлери кармалып, камакка алынган — ал эми аларга ишенген тургундар миллиондогон чыгымдарга учурашкан.

ИИМ кыргызстандыктарды кооперативдерге кошулбоого чакырып, аларга салынган акчалар кайтарылбашы мүмкүн экенин эскерткен.