Кыргыз-өзбек заводу башкы этапта жылына 3 миң автоунаа чыгарат — Өзбекстандын элчиси

Чүй облусунда курууу пландалып жаткан кыргыз-өзбек автозаводу башкы этапта жылына 3 миң унаа чыгарат. Бул тууралуу «Кабар» мамлекеттик агенттине Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов билдирди.

Андан кийин заводдун жеңил унааларды, кичи автобустарды жана жеңил жүк ташуучу унааларды чыгаруунун көлөмү, элчинин айтымында, жылына 30 миңге жетиши мүмкүн.

«Автоунааларды биргелешип чыгаруу жөнүндөгү макулдашууга Өзбекстандын президентти Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюулары күтүлүп жатат. Бул эки мамлекеттин жооптуу ведомстолору долбоорду кыска мөөнөттүн ичинде ишке ашырууга байланышкан маселелерди чечиши керектигин айтып турат», — деди ал.

Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлиги Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылында автозавод кура турганы айтылган. Заводдо кичи автобус, пикап жана седандарды кошуп автоунаанын 19 түрү чыгарылары белгиленген. «ДТ Техниктин» директору Фархатжон Досматовдун айтымында, автозавод биринчи этапта Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү коммерциялык унааларын чыгарууну пландап жатат.

Жеңил унаалардын баасы 13 миң, ал эми жүк ташуучу унаалардыкы — 28 миң доллардан болот.

Өзбекстандын президентти Шавкат Мирзиёевтин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 26-27-январда өтөт.

Тема боюнча: Кыргызстанда ОСАГО полиси киргизилди. Ал кандай иштейт экенин айтып беребиз

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.