Абактан кат: Равшан Жээнбеков ден соолугу начарлап кеткенин кабарлады

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков ден соолугу начарлап кеткенин кабарлады. Бул тууралуу анын абактан жазган каты 27-январда фейсбук барагына жарыяланды.

Жээнбековдун айтымында, анализдердин жыйынтыгында анын боору «кескин начарлап кеткени» аныкталды. Ал эми дарыгерлер ага ооруканага жатып дарыланууну сунуштаган.

Саясатчы аны ТИЗО-1ден ооруканага которуу өтүнүчү менен Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиевге кайрылганын билдирди.

«Бирок Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Эгембердиев жана мекеменин башкы дарыгери менин квалификациялык жана атайын дарыланууга болгон мыйзамдуу укугумду пайдаланууга уруксат беришкен жок. Мекеменин жетекчиси жана башкы дарыгери же бийликтин көрсөтмөсүн аткарып, же кызматтык ыйгарым укутарынан аша чаап жатышат деп эсептейм», — деди ал.

Саясатчы мындан ары ден соолугу начарлап кетсе Жаза аткаруу кызматынын жетекчисин жана башкы дарыгерин күнөөлөй турганын кошумчалады. Жээнбеков «ушундай адамдардын айынан абактагы ондогон киши убагында дарыланбай, каза болуп жатат» деп эсептейт.

Ошондой эле ал ден соолугун көзөмөлдөп туруу үчүн көз карандысыз дарыгерлер кеңешин түзүүнү сунуштады. Ал Жаза аткаруу кызматындагы «саясий максатты көздөп Гиппократтын антын бузган» дарыгерлерге ишенбей турганын кошумчалады.

Буга чейин Жээнбеков абактан кат жазып, Кемпир-Абад ишинин фигуранттары «өзгөчө кооптуу кылмышкер» катары камакта жатканын билдирген болчу.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишин сындоо үчүн камакка алуулар

Октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деген айып тагылууда.

Алардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Тема боюнча:

«Кооптуу экенбиз». Жээнбеков Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын абактагы шарты тууралуу