Баткен: Милиция баланы сабаган аялга кылмыш ишин козгоду

Баткен ОИИБи өз баласын сабап видеого тарткан аялга кылмыш ишин козгоду.

Алардын маалыматына ылайык, 27-январда милицияга Кадамжай районунун тургуну арыз менен кайрылып, аялы кызын сабап салганын айтып берген.

Арыз ээсинин айтымында, ал 2023-жылы аялы менен жашабай калган. Андан кийин аялы 5-январда экөөнүн ортосундагы 2 жашар кызын сабап жатканын видеого тартып күйөөсүнө жиберген.

Милиция сотко чейинки тергөөнү баштап, балага соттук-медициналык жана соттук-психолого-психиатриялык экспертизаларды дайындады. Милиция далил буюму катары аялдын телефонун алган.

Аталган факт боюнча «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Буга чейин соцтүйүндөрдө аял баланы сабап жатканы тартылган видео тараган.