Эми Өзбекстандан Абу-Дабиге 45 долларга лоукостер менен жетип алса болот

Өзбекстанда 25-январда жаңы аба каттамы ачылды: Абу-Даби — Ташкент — Абу-Даби. Бир тарапка билеттин баасы 45 доллардан башталары айтылат «Өзбекстан аэропорттору» сайтынын маалыматында.

Учуулар аптасына үч жолу, Венгриянын WizzAir лоукостеринин учактары менен аткарылып турат.

WizzAir 2022-жылдын декабрынан бери Абу-Дабиден «Самарканд» багыты боюнча аптасына эки жолудан учуп келет.

WizzAir – Венгриянын Airbus үлгүсүндөгү 141 учагы бар лоукостер-авикомпания. Ээлигиндеги учактарынын орто жашы — 5,3 жыл. Лоукостер деп дүйнөдө билеттери арзан жана кошумча кы төлөнгөн кызматтары бар авикомпанияларды аташат.

Кыргыз бийлиги 2020-жылы өлкөгө WizzAir’ди киргизүүнү талкуулап, бирок сүйлөшүүлөр жыйынтык берген эмес. Бирок 2023-жылдын январында парламенттин транспорт боюнча комитети Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда түз аба каттамын ачуу боюнча макулдашуунун долбоорун караган.

Макулдашуунун долбоорунда венгер авиакомпаниялары Кыргызстанды учуулардын жана Европа менен Түштүк-Чыгыш Азиянын ортосундагы транзиттин жаңы багыты катары карап жатканы айтылган.

«Учурда кыргыз авиакомпаниялары Евросоюздун "кара тизмесинде" турат, ошондуктан Кыргызстан үчүн Европадан түз учуп турган рейстерди ачуу маанилүү», — деген Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаров.