Кемпир-Абадды коргоп камалгандар ден соолугу начарлагандарды ооруканага жаткырууну талап кылышты

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бир бөлүгү.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоп чыгып камалган активист жана саясатчылар абактагы 100 күнгө байланыштуу кат жолдошту. Ал Кемпир-Абадды коргоо комитетинин фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

«Эгемен кыргыз эли алты президентти көрдү. Анын ичинен өз билемдик кылган үч президентти бийликтен оодарды. 2-элдик толкун Канкор Бакиевге туш келип, эл кан кечип өлкөдөн кууп чыкты. Бакиевдин тушунда саясатчылар, коомдук ишмелер, спортчулар, журналисттер атылып, өрттөлүп жок кылынды. Бүгүн реваншист, кулагына Бакиевдин биркасы тагылган бул бийликтин учурунда адам өлүмүнө кайдыгер карабаган күндөр менен коштолду», — деп башталат кат.

Алар өлкөдө убактылуу кармоочу жайлардагы резонанстуу өлүмдөрдү мисал кылып, «жөнөкөй жарандар ТИЗОдо каза болгон учурлар канча» деп суроо салышты. Активисттер жана саясатчылар резонанс жараткан өлүмдөрдүн чоо-жайы «азыркыга чейин бүдөмүк» деп, «эч ким жоопко тартылбаганын» сынга алышты.

«Биз, убактылуу жайлардагы өлүмдөрдү гана айттык. Болбосо бейкүнөө канчалаган өлүмдөр болуп жатканын бул бийлик этибарга албаса коомчулук жакшы билет. Биз Кемпир-Абадды коргоп камлгандар бийликти мыйзамдуу талаага гана чакырып келебиз. Конституцияда укуктарыбыз кандай көрсөтүлсө биз бул жолдон чыккан жокпуз. Ал эми бийлик мыйзам талаасынан качып, укуктарыбызды тебелеп келүүдө», — деп билдиришти алар.

Активист жана саясатчылар бийлик аларды камоодо өнөкөт ооруларына, жаш өзгөчөлүгүнө карабаганын, аялдарды сыйлабаганын белгилешти. Катта айтылгандай, учурдагы улуу муундагы саясатчылардын өнөкөт ооруулары күчөп жатат, бирок дарыланууга жол бербей келишүүдө.

«Дашков баштаган парокорлорго өзгөчө мамиле кылынганын эл жакшы билет. Абактын ичин жакшы билген бул бийлик абактагы оору кандай экенин жакшы түшүнөт. Кемпир-Абадды коргоп камакта жаткандар, саясий туткундар Жогорку Кеңенштин төрагасына, адам укуктары боюнча түзүлгөн комиссиянын төрайымы Гуля Кожомкуловага, Акыйкатчы институтуна, кыйноолорду алдын-алуу борборуна кайрылып, биздин талапка көмөктөшөт жана абактагы абалыбыз менен жакындан таанышып кетет деп ишенебиз», — деп жазышты алар.

Абактагылар ооруп жаткан аялдарды, Азимбек Бекназаровду, Мамбетжунус Абыловду жана Таалайбек Мадаминовду атайын ооруканага жаткырууну талап кылышты.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кооптуу экенбиз». Жээнбеков Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын абактагы шарты тууралуу

«Коррупция, бизнес». Өзбек оппозиционери Кемпир-Абад келишиминин артында эмне турганы жөнүндө

Адвокаттар ассоциациясы: Кемпир-Абад боюнча камалгандардын ишин «жашыруун» кылуу мыйзамсыз