Адвокаттар ассоциациясы: Кемпир-Абад боюнча камалгандардын ишин «жашыруун» кылуу мыйзамсыз

Эркин Саданбеков

Кыргызстан адвокаттарынын ассоциациясы Кемпир-Абад маселеси боюнча жапырт кармалгандардын ишин жашыруун кылууну «мыйзамсыз» деп атады. Бул тууралуу ассоциациядан 19-январда билдиришти.

Ал эми ассоциациянын мүчөсү Эркин Саданбеков «Клоопко» иш жашыруун болсо камалгандардын соттук териштирүүсү «адилеттүү болбой калышы мүмкүн» деп белгиледи.

«Биринчи май райондук сотундагы, Бишкек шаардык сотундагы процесстерге камалгандардын туугандары, журналисттер, коомчулук катышты, күбө болду. Маалымат каражаттарында кеңири эле чагылдырылып жатты. Бул иште эч кандай сыр жок, бүт өлкө көрдү», — деди ал.

Саданбеков, «жашыруун» макамынын берилишине бардык жактоочулар нааразы экенин кошумчалады.

18-январда ИИМ Кемпир-Абад ишин толук жашыруун кылган. Соттук процесстер жабык өтүп турмай болгон.

Кемпир-Абад иши

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бир бөлүгү. Сүрөт: Коллаж

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, бийликти сындаган саясатчылар жана активисттер массалык түрдө кармалган. Жалпысынан Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын саны 30га чукулдаган.

Алардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

ИИМ аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып таккан. Кармалгандардын дээрлик баары Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган.

Алар күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулганын» айтып келишет. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ Кемпир-Абад ишин толук жашыруун кылды. Сот жабык тартипте өтүп турат