Кыргызстанга аткез жол менен 13 тонна насвай алып кирүүгө аракет кылган киши кармалды

Кыргызстанга аткезчилик жолу менен 13 тонна насвай алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу 30-январда УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Кармалган 13 тонна насвай. Сүрөт: УКМКнын Чек ара кызматы.

Мекеменин маалыматына ылайык, 30-январда Кыргызстандын «Бүргөндү» чек ара көзөмөл пунктуна Өзбекстандын Чоң-Гара анклавынан чыккан Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа келип токтогон. Текшерүү учурунда айдоочунун насвай ташууга уруксат кагаздары жок экени аныкталган.

Насвай — үчүнчү сорттогу тамеки жалбырагына күл, акиташ, жыттуу заттар кошулуп даярдалган түтүнсүз тамеки заты. Ал Борбор Азияда кеңири жайылган.