Энергетикалык тармактагы коррупция өлкөгө дээрлик 900 млн сом зыян тийгизди

Энергетика тармагындагы коррупция мамлекетке 878 млн сом зыян тийгизди. Бул тууралуу 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтык жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Ал Энергетика министрлиги менен анын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү текшерүүнүн жыйынтыгы менен 163 прокурордук акт түзүлүп, 46 кылмыш иши козголгонун айтты.

«Бул мыйзам бузуулар негизинен — мамлекеттик сатып алууларга жоопкерчиликтүү кызмат адамдары тарабынан акча каражаттарын ыйгарып алуу, электр энергиясын урдоого көмөктөшүү, иштетилген энергияны мыйзамсыз чыгыштоо фактыларына тиешелүү болгон», — деп билдирди Зулушев.

Энергетика тармагындагы коррупция

Энергетика тармагындагы коррупция бийликтин ага каршы күрөшүү аракеттерине карабастан эң эле коррупциялашкан тармак бойдон калууда. Мисалы, 2021-жылдын ноябрында президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге миллиондогон карыздар кечилип жаткан факттар көп болуп аткандыктан энергетика тармагын текшерүүнү тапшырган.

Бир айдан кийин Башкы прокуратура электр энергиясы үчүн карыздарды кечүү боюнча коррупциялык схеманы тапкан. Анда мамлекетке келтирилген зыян дээрлик 900 млн сом деп бааланган.

2022-жылы иликтөөлөр уланып, «Ошэлектр», «Чыгышэлектр» жана «Түндүкэлектр» ири бөлүштүрүүчү компаниялардын башчылары жана кызматкерлери кармалган.

Ошол эле учурда, энергетика тармагы чоң кризисте турат. Калктын электр энергиясын керектөөсү жылдан-жылга өсүүдө, ал эми өлкө электр энергиясын азырынча көбүрөөк өндүрө албайт.

Дагы окуңуз: MediaHub энергетика тармагындагы ири коррупция тууралуу иликтөө жарыялады