«Ошэлектрдин» мурдагы башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Дыйканбай Даминов

«Ошэлектр» ишканасынын мурдагы башчысы Дыйканбай Даминов «коррупцияга» шектелип кармалды. Бул тууралуу 2-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө мекеменин жооптуу кызматкерлери 2016-2020-жылдар аралыгында электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды баланстан мыйзамсыз чыгарганы аныкталган. Мындан улам мамбюджетке 134 млн 404 миң сом зыян келтирилген.

Башкы прокуратура «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин белгиледи.

Учурда иликтөө иштери уланууда, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо чаралары жүрүп жатат.

«Ошэлектрге» байланыштуу иштер

2021-жылдын башында ошол кездеги Каржы полициясы Даминовду ишкерден акча опузалоого шектеп кармаган болчу. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Даминовдун үстүнөн жеке ишкер арызданган.

Ишкердин айтымында, ал жетектеген компания «Ошэлектро» ишканасынан аткарган иштери үчүн 6 млн сом төлөп берүүнү өтүнгөн. Буга ишкананы жетектеп турган Даминов бир миллион сом «откат» бересиң деп талап кылган.

Анда финполдон акча каражаты Даминовдун эсебине которулганын белгилешкен.

Көп өтпөй Даминов Бишкек ШИИБдин изоляторуна киргизилген болчу. Андан ары иштин эмне болгону тууралуу маалымат жок.

*2021-жылдын март айында Каржы полициясы жоюлган.

Ал эми андан мурда «Ошэлектр» ишканасы мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталган. Маалыматка ылайык, аталган ишкананын жооптуу кишилери Маммүлк фонду менен макулдашпай туруп, ишкананын мурдагы административдик имаратын жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго сатып жиберишкен.

Имараттын жалпы аянты 619,66 чарчы метрди түзүп, 1665,0 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан болчу. Финполиция маалымдагандай, жер сатуу учурундагы мындай участоктун орточо базар баасы — 1 сотых жер үчүн болжол менен 30 миң АКШ долларын түзгөн.

Натыйжада мамлекетке 30 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Финпол: «Ошэлектр» жер менен имаратты 30 млн сомго арзан сатып жибергени аныкталды

«Кадастрдын» Оштогу башчысы «Ошэлектронун» имаратын сатып жиберүүгө айыпталууда