Кыргыз өкмөтү быйыл Улуу Британияга эки миң жумушчу жөнөтөт

Улуу Британияга сезондук жумушка барган кыргызстандыктар, 2022-жыл. Сүрөт: Тышкы иштер министрлиги

2023-жылы эки миң кыргызстандык Улуу Британиянын айыл чарбасында иштөөгө бара алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30-январда Бишкекте Эмгек министрлиги менен Улуу Британия ортосунда тийиштүү келишим түзүлүп, ага Улуу Британиянын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү кол койду.

Келишимге ылайык, 2023-жылы Кыргызстандан Улуу Британияга 2000 адам айыл чарба жумушуна иштей алат.

Анда 18 жаштан 46 жашка чейинки жарандар 6 айга барып, саатына 10 фунт стерлинг маяна алаары каралган.

Катталуу 17-январда Ишеналы Арабаев окуу жайында жана ОшМУнун Бизнес башкаруу факультетинде өтүп, азыр катталуучуларды тандоо иши жүрүүдө.

Өткөн жылы кыргыз өкмөтү 1500 жаранды Агро HR компаниясы менен келишимдин негизинде Улуу Британияга мезгилдик ишке жөнөткөн.

Бүгүнкү күндө мындай келишимдер расмий түрдө Корея Республикасы жана Перс булуңундагы өлкөлөр менен түзүлүп жатканы маалымдалды.

Ошондой эле январь айында Болгария менен келишим түзүлүп, Германия менен кызматташуу келишимине кол коюлган. Эмгек министрлигинен келечекте Венгрияга жумушка орноштуруу каралганын да билдиришкен.

Эмгек жана Миграция министринин айтымында, кыргызстандыктар 23 өлкөдө мыйзамдуу түрдө ишке орношо алышат.

Автору: Асель Эсен кызы