Садыр Жапаров: Коррупция иштери боюнча 15 млрд сомдон ашуун жыйналды

Президент Садыр Жапаров коррупция иштери боюнча ИИМ, прокуратура жана УКМК 15 млрд сомдон ашуун каражат жыйнаганын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысы 26-ноябрда Элдик Курултайда айтты.

Бирок Жапаров бийлик аталган каражатты кайсыл убакыт аралыгында өндүргөнүн тактап айткан жок.

«Буга чейин эми он жылдан бери тимеле бири-бири менен чабышып, бул ууру, анан бул мынтип системада отурат, ичип атат, жеп атат деп келип, бир сом төктүрө алды беле бирөө? Жок да. Мына биз 15 млрд алдык — болгонун алды го, колубуз жеткенин алдык», — деди ал.

Президент Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду мисал келтирди. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажынын төрагасынын экс-орун басары өзү да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыяндын калыбына келтирүү үчүн 2 млрд сом төлөгөн: көпчүлүк бөлүгүн — 1,4 млрд сомду — Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын кыймылсыз мүлктөрү менен, соода борбору жана тогуз батирин берип кутулган.

«[Матраимовдун] бардык мүлкүн алдык. Дагы көрсөк, дагы алат элек. Болгонун, колубуз жеткенин алдык. Калган төккөндөрүн Камчыбек Кыдыршаевич (УКМКнын төрагасы) алып жеп алгандай көрүп атпайбы, ал төккөн адамдар барып туруп кассага төгөт, кассадан бюджетке кетип жатат. Ким кызыкса баргыла, [текшергиле]. Биз мурункудай жаап-жашырып отурбайбыз. Мейли жөнөкөй жаран келсе да мына деп туруп, Камчыбек Кыдыршаевич алып келип алдына таштап коёт. [Кустурунуун] акчалары бардыгы түз-түз бюджетке түшүп жатат», — деп белгиледи Жапаров.

Коррупцияга каршы күрөш

Садыр Жапаров өлкө башчылыгына келгенден кийинки кустуруу жарыялаган — коррупция менен күрөшүүнүн ыкмасы. Коррупцияга каршы күрөштү жана чиновниктерди кармоо ишин Жапаровдун үзөңгүлөшү жетектеген УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев алып барууда.

УКМКнын башчысы ведомство коррупция менен жигердүү күрөшөрүн далай жолу айткан. Бирок чуулуу кармоолор көбүнесе коррупцияга айыпталган чиновниктер УКМК аныктап берген зыяндын өлчөмүн төлөгөн соң үй камагы менен аяктачу. Эң эле чуулу кармоолордун бири — Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун кармалуусу.

Алгоритмге ылайык, өндүрүлгөн каражаттар алгач УКМКнын депозиттик эсебине, андан соң Каржы министрлигинин эсебине, ал жерден кайра чыгымдардын беренелери боюнча бөлүштүрүлөт.

Тема боюнча: Президенттин кеңешчиси Жапаров коррупция менен «аёосуз күрөшүп» жатканын айтты. Чын эле ошондойбу?