Орусияда абактагы кыргыз жараны Украинада окко учкан. Парламент окуяны иликтөөнү талап кылды

Парламенттин 1-февралдагы жыйынында Орусияда абакта жаза өтөп жаткан кыргызстандык Аян Алишеров кандайча Украинадагы согушта каза болгонун аныктоо үчүн тийиштүү ведомстволорго протоколдук тапшырма берүү сунушталды. Мындай сунушту депутат Мейкинбек Абдалиев көтөрдү.

«[Аян Алишеровдун] түрмөдө отурганына үч жыл болуптур, бирок кечээ жакында анын сөөгүн Лугансктан [Украинанын орус армиясы тарабынан басып алынган аймагы ] алып келишти […] Орусиянын түрмөсүндө отурган жараныбыз кантип Украина менен Орусиянын ортосунда болуп жаткан согушта пайда болуп, ошол жерден сөөгү келди? Биздин тийиштүү органдар, элчилик, консулдук ушуну [ишти] иликтеп бериңиздер. Жараныбыз өз каалоосу менен кеткенби же аны мажбурлап алып кетишкенби? Мыйзам боюнча андай болбошу керек», — деди депутат.

30-жаштагы Аян Алишеровдун каза болгону тууралуу 27-январда белгилүү болгон. Маркумдун иниси Асылбек Абдибалиевдин айтымында, маркум Орусиянын курамына кирген Мордовия республикасындагы колонияда жаза өтөп жаткан.

Маркум Аян Алишеров.

Ал туугандары Алишеровду Кыргызстандын абагына которуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн, 2022-жылдын июлунда которуу боюнча чечим жактырылганын айтууда.

Бирок 2023-жылдын 12-январында маркумдун үй-бүлөсү анын каза болгону тууралуу кат алышкан. Анын айтымында, Алишеров өткөн жайдан баштап катуу согуш жүрүп жаткан Донецк облусунан анча алыс эмес жердеги Бахмут шаарында каза болгон. Абдибалиевдин айтымында, агасы каза болгонго чейин эки ай дайынсыз болуп, чалбай калган.

«Азаттык» басылмасы маркумдун жакындарына таянып, Алишеров туугандары менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдө ал жазасын өтөп жаткан абакка «Вагнер» жеке менчтк аркердик компаниянын өкүлөрү келишкенин айтканын жазган. Бирок анда Алишеров ЧВКга кошулуу ниети тууралуу кабарлаган эмес. Андан кийин эле жакындары менен байланышпай калган.

Украинага кол салууга «азгыруу»

Өткөн жылдын июнь айында «МедиаХабдын» журналисттери Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын, анын ичинде кызгызстандыктарды «Вагнер» жеке менчик аскердик компаниясы (ЧВК) аркылуу Украинадагы согушка азгырып жатканы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Бирок, журналисттер жарыяда көрсөтүлгөн номерлерге байланышканда, «приоритеттер алмашканына байланыштуу» күзөт кызматына жумушчулар алынбай калганын айтып, ордуна башка жумуш сунуштап жатышканын аныкташкан. Ал жумуш — «Украинадагы атайын операция жүрүп жаткан аймакта тапшырмаларды аткаруу».

Журналисттердин айтымында, жарнамада көрсөтүлгөн номер Краснодар аймагынын Молькино хуторуна келүүнү өтүнгөн. Телефон номерлерди идентификациялоочу кызмат ал номер ЧВК «Вагнер» деп катталганын көрсөттү. Орусиялык ЖМКлар дал ушул Молькинодо ЧВК «Вагнердин» базасы жана азгырык пункту жайгашканын жазышкан.

Украинадагы толук масштабдуу согуш башталгандан бери ал жакта Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн жети кыргызстандык аскер каза тапты. Алардын бешөө орус жарандыгын алышкан.

Эмне болгон ЧВК «Вагнер»?

ЧВК «Вагнер» же «Вагнердин тобу» — расмий эмес куралдуу түзүм. Орусиялык ЖМКлар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт. Ошондой эле ЖМКлар «Вагнерге» Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» Евгений Пригожин ээлик кыларын жазышкан.

Ошондой эле ЖМКлар «Вагнерге» Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» Евгений Пригожин ээлик кыларын жазышкан.

ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, «Вагнердин» жалданма аскерлери 2014-жылы Донбасстагы, Сириядагы жана африка өлкөлөрүндөгү конфликттерге катышкан.

2022-жылдын августунда Орусиядагы «Вагнер ЧВКсы» жеке аскердик компаниясы абактагыларды Украинадагы согушка жапырт тартып жатканы айтыла баштаган. Соттолгондорго жарым кызмат өтөгөндөн кийин ырайым кылуу менен акчалай төлөм берүүнү сунуштап жатышат. Бул ишке Приожин өзү катышып жатат.

АКШнын Финансы министрлиги январь айынын аяк ченинде «Вагнер» ЧВКсын трансулуттук кылмыштуу уюм деп тапкан.

Кыргызстанда жалданма жоокер болгондорго кылмыш жоопкерчилиги каралган. Андайда «Жалдануучулук» беренеси менен 7 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

2022-жылдын 24-февралында орус аскерлери Украинага толук масштабдуу кол салууну башташкан. Орус бийлиги бул аракетин согуш деп атаган жок, Украинаны «демилитаризациялоо» жана «денацификациялоо» максатындагы «атайын операция» деп атап жатат.

БУУнун 30-январга карата маалыматына ылайык, Украинада кеминде 7 миң 110 жай тургун каза болду. Дагы 11 миң киши жарадар болду. Уюм каза тапкандар менен жарадар болгондордун реалдуу саны алда канча көп деп эсептейт.

Башкы беттеги сүрөт: «Азаттык»