Украинадагы согушта Кыргызстанда төрөлгөн дагы бир жоокер каза болду

Украинадагы согушта Кыргызстанда төрөлгөн Мирлан Токтакунов каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтакунов Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан. Элиликтен жигит Украинадагы согушта «күжүрмөн тапшырманы аткарып жатканда» каза болгонун айтышты.

Тохтахуновдун сөөгү Кыргызстанга качан алынып келинеээри азырынча белгисиз.

Биздин санагыбыз боюнча, Токтакунов Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп жатып согушта каза болгон жетинчи жоокер. Буга чейин Эгемберди Дорбоев, Исломжон Камилов, Рустам Зарифулин жана Сыргакбек Өзүбеков каза болгону кабарланган. Алардын бешөө Орусиянын жарандыгын алганы аныкталган.

Ошондой эле «Азаттык» басылмасы Украинадагы согушта орусия тарапта болуп согушкан Кыргызстандын эки жараны Руслан Полотов менен Аманбек Курбанбаев каза болгонун жазган.

Орусия менен Украинанын согушу дагы деле уланып жатат. Үстүбуздөгү жылдын 24-февралында орус аскерлери Украинаны бастырып кирген. Бирок, орус бийлиги бул согушту Украинаны «демилитаризациялоо» жана «денацификациялоо» максатын көздөгөн «атайын операция» деп атап келет.

Тема боюнча:

Украинадагы согушта орус армиясына кызмат өтөп жаткан Адилет Алиев каза болду

Орусия элчилиги Украинадагы согушта каза тапкан 19 жаштагы жигит кыргыз экенин тастыктады

Украинадагы согушта жарадар болгон кыргыз жараны каза тапты

Украинадагы согушта каза болгон Эгемберди Дорбоевдин сөөгү Ысык-Көлгө коюлду

Украинадагы согушта каза болгон жоокердин сөөгү Кара-Балтада жерге берилди