Бишкек мэриясы муздак суу жана канализацияны колдонуу үчүн тарифти көтөрүүнү сунуштап жатат

Калаа муниципалитети ичүүчү жана агынды сууга тарифти көтөрүү боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыгып, шаардык кеңештин кароосуна киргизди. Документ 1-февралда коомдук талкууга чыкты.

Тарифтер канчалык көтөрүлөт?

  • Суу менен камсыздоо (1 куб. метр үчүн, салыксыз):
  • Калк үчүн — 8,10 сомдон 10,45 сомго чейин;
  • Бюджеттин уюмдар үчүн — 9,10 сомдон 12,95 сомго чейин;
  • Башка керектөөчүлөр үчүн — 13 сомдон 18,5 сомго чейин.

Сууну бөлүштүрүү (канализация) — агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо (1 куб.метр үчүн, салыксыз):

  • Калк үчүн —2,3 сомдон 3,45 сомго чейин;
  • Бюджеттик уюмдар үчүн — 3 сомдон 4,5 сомго чейин;
  • Башка керектөөчүлөр үчүн — 6 сомдон 9 сомго чейин.

Көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөө (1 чарчы метр жалпы аянт үчүн бир жылга, салыксыз):

  • Калк үчүн — 10,2 сомдон 15,1 сомго чейин;
  • Көп батирдүү турак-үйлөрдө жайгашкан башка керектөөчүлөр үчүн — 10,2 сомдон 15,1 сомго чейин.

Тарифти эмне үчүн көтөрүү керек?

Калаа муниципалитетиндегилер азыркы тарифтер кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркынан дагы төмөн болуп кеткенин айтышууда. Анын үстүнө шаар боюнча ичүүчү сууну өндүрүү, транспортировкалоо жана керектөөчүлөргө берүү, ошондой эле керектөөчүлөрдөн агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо, ошондой эле үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөө жаатында жалгыз иш жүргүзгөн «Бишкексууканал» өтө оор финансылык абалда турат.

Мэриядан азыркы тарифтер насостук-энергетикалык жабдууларды, жүк ташуучу жана атайын транспортту эксплуатациялоону, суу түтүк-канализациялык тармактарды реконструкциялоону, үй ичиндеги суу түтүк-канализациялык тармактарды профилактикалык, утурумдук жана авариялык оңдоону тийиштүү деңгээлде жүзөгө ашырууга мүмкүндүк бербей жатканын дагы белгилешти.

Муздак суу жана канализацияны колдонуу үчүн тарифтер акыркы жолу 2019-жылы көтөрүлгөн. Ал убакта дагы тарифтер өздүк наркынан төмөн болуп атканы, ал эми «Бишкексууканал» чыгым тартып иштеп жатканы белгиленген.