Иллюстрациялык сүрөт: Richard Patterson/Flickr

Кыргызстанда жыл өткөн сайын сөз эркиндигине жана жалпыга маалымдоо каражаттарына басым күчөп барат. 2022-жылдын октябрь айында, жекшемби күнү таң атпай активисттердин үйүнүн тинтүүгө алынышы, алардын кармалышы, кийин «Азаттык» басылмасынын сайтынын бөгөттөлүшү буга далил.

Алтургай, бийлик жарыялаган макалалардын бирин өчүрбөсө «Азаттык» сыяктуу эле «Клоопту» бөгөттөй турганын айтып коркутууда (чынында, «Азаттык» сайты көпчүлүк кыргыз провайдерлеринде ачылып жатат). Бөгөттөө талабы жана эмне себептен макала өчүрүлбөсүн бул жерден кенен окусаңыз болот. Эмне болгон күндө да, учурда «Клооп» бөгөттөө коркунучунда турат.

Айтмакчы, мындай учур да «Клоопту» эч бир чектөөлөргө карабастан окуй ала турган күзгү функциябыз бар.

Мындай кооптуу күндөрдө санарип коопсуздугу болуп көрбөгөндөй маанилүү. Эки баскычтуу аутентификация, сыр сөздөрдүн менежери жана файлдарды сактоочу булут кызматы — социалдык түйүндөрдөгү аккаунтуңузду бузуп кирүүдөн жана жеке маалыматтарыңыздын тарап кетишинен коргоо үчүн телефонуңузга биринчи кезекте орнотушуңуз керек болгон нерселер.

Аны менен катар, биз VPN орнотууну сунуштайбыз, ал сизге өлкөнүн аймагында бөгөттөлгөн сайттарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Анын ичинде, эгер бөгөттөлө турган болсо «Клооп» дагы бар.

VPN деген эмне?

Жөнөкөй тил менен айтканда, VPN (Virtual Private Network) — виртуалдык жеке менчик түйүн. VPN интернетти колдонууда байкоодон жана аңдуудан буйтап өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

VPN берген мүмкүнчүлүктөр:

  • Сиз жашаган өлкөдө бөгөттөлгөн сайтка кире аласыз.
  • Анонимдүүлүктү кепилдейт жана жеке маалыматтарыңызды жашырып, коргоп калат.
  • Сайттарга сиз тууралуу маалыматтарды топтоого тыюуу салат (адатта, маалымат издөөгө арналган сайттар сиз издеген маалыматтарды сактап калат, ал эми VPN мындан коргонууга жардам берет).
  • Коомдук интернет тармагын пайдаланууда сизди коргойт (мисалы, коомдук жайлардагы Wi-Fi’ ды пайдаланууда).

Бул кандайча иштейт?

Интернетке туташкан ар бир жабдууда (телефон, компьютер, ноутбук ж.б.) өзүнүн уникалдуу IP-дареги бар. Мисалы, сиз үйдөн иштеп, интернетке кирүү үчүн Wi-Fi роутерге туташтыңыз дейли. Сиздин бардык жабдууларыңыздын IP-даректеги ички тармак үчүн түрдүү, ал эми интернетке кошулуу үчүн башка — тышкы IP-дарек болот. Аны интернет-провайдер же уюлдук оператор берет.

Бул жабдуулар бирин-бири таап, маалымат алмашуу үчүн өтө зарыл. IP-дарексиз сиз интернетти пайдалана албайсыз. Жашоодогудай эле, курьер сизге палоо менен тоок этин жеткирүү үчүн сиздин дарегиңизди билиши керек.

IP-даректин жардамы менен кара ниет кишилер сиздин жайгашкан жериңиз, колдонгон телефонуңуз, андагы операциялык система жана сиз кирген сайттар тууралуу маалыматтарды таап алышы мүмкүн.

VPN аркылуу сиздин IP-дарек өзгөртүлүп, ордуна башка өлкөдө деп көрсөтүлөт. Трафик жашырылып, аны эч ким көрө албайт. Андан ары жаңы IP-дарек менен сиз түрдүү сайттарга туташа аласыз.

Ошентип, кара ниет кишилер жана бийлик өкүлдөрү үчүн сиз чет өлкөлүк колдонуучуга айланасыз.

VPN-сервис тандоо

VPN-сервис тандоодо төмөнкүлөргө көңүл буруу керек:

  • коопсуздуктун жана коргоонун деңгээли;
  • маалыматтарды жеткирүүнүн ылдамдыгы;
  • сервисти орнотуудагы ыңгайлуулук;
  • сервисти бир нече жабдууда колдоно алуу мүмкүнчүлүгү.

Кайсыл VPN-сервисти тандоо керек?

Баасы, функциялары жана кызматтарынын сапатына жараша VPN-сервистердин бир топ түрү бар.

Акысыз кызматтардын негизги көйгөйү — алардын акысыз болгондугу. Мындай кызматтарды пайдаланууда маалыматтардын «жайылып кетүү» ыктымалдуулугу бар. Өздөрүнүн аброюн ойлогон акы төлөнүүчү VPN кызматтарында мындай көйгөй жок.

Мындан тышкары, акысыз VPN-сервистердин функциялары чектелүү:

  • Трафиктин бир айлык ченеми (көпчүлүк учурда колдонуучуларга айына 2-3 Гб гана берилет).
  • Интернетке кошулуу үчүн серверлердин аздыгы (жеткиликтүү болгон айрым өлкөлөрдүн ичинен гана тандай аласыз).
  • Жай ылдамдык, атүгүл маал-маалы менен белгилүү убакытка өчүп калуу [тобокели].

Бирок акы төлөнүүчү VPN деле дайыма ылдам иштей бербейт — адатта коргоосу канчалык татаал болсо, ылдамдык ошончолук жай болот.

Эң жакшы жолу — бир нече акысыз VPN сервистерди орнотуп, акы төлөнүүчү бир сервис сатып алуу. Ошол эле учурда, акылуу кызмат анчейин популярдуу эмес болсо жакшыраак — бийлик аларды да таап, бөгөттөп коюу ыктымалдуулугу төмөнүрөөк болот.

Кайсыл VPN-кызматтарды пайдалануу сунушталат?

VPN-сервистерди тесттен өткөрүүчү Top10VPN сайты 2023-жылга төмөнкү VPN’дерди пайдаланууну сунуштайт:

  • ExpressVPN — түз эфир (стрим) жана оюндар үчүн эң мыкты VPN;
  • NordVPN — эң ылдам VPN.
  • PIA VPN — торренттер жана конфиденциалдуулук үчүн эң мыкты VPN.
  • Surfshark — арзан VPN’дин эң мыктысы.
  • IPVanish — видео көрүү үчүн мыкты VPN.
  • CyberGhost — сынап көрүү үчүн эң мыкты VPN.
  • PrivateVPN — коомдук Wi-Fi’ды пайдалануу үчүн мыкты VPN.
  • Proton VPN — коопсуздукту камсыздоо үчүн мыкты VPN.
  • Windscribe — стрим үчүн мыкты акысыз VPN.
  • Astrill — Кытай үчүн мыкты VPN.

«Клооп» «Интернетти коргоо коомчулугу» коммерциялык эмес уюмунун IT-адиси Михаил Климаревге материалды даярдоодо көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирет.