Кемпир-Абадды коргоп чыгып кармалгандардын саны 21ди түздү

23-октябрда ИИМ тарабынан кармалган активист жана саясатчылардын саны 21ди түздү. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып келген активист жана саясатчылар учурда «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип жатат.

Маалыматка караганда, убактылуу кармоочу жайга төмөнкүлөр киргизилген:

  • саясатчы Равшан Жээнбеков;
  • экс-депутат Асия Сасыкбаева;
  • укук коргоочу Рита Карасартова;
  • активист Али Шабдан;
  • активист Таалай Мадеминов;
  • активиста Улугбек Маматаев;
  • активист Перизат Суранова;
  • активист Жеңиш Молдокматов;
  • активист Эрлан Бекчороев;
  • укук коргоочу Клару Сооронкулова;
  • БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева;
  • активист Атай Бейшенбек;
  • журналист Айданбек Акматов;
  • активист Нурлан Асанбаев;
  • Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров;
  • активист Айбека Бузурманкулов;
  • активист Чыңгыз Капаров;
  • УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшебаев;
  • саясатчы Бектур Асанов;
  • активист Талант Эшалиев.

Мындан сырткары ушул эле күнү экс-депутат Канат Исаев камакка алынган. Бирок анын ишинде «жашыруун гриф бар» деп айтышып, кармалганынын себебин ачыкташкан жок.

Ал эми ИИМден кармалгандар боюнча маалымат беришкен жок. Министрлик «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгонун гана маалымдады.

23-октябрдын таңында күч органдарынын кызматкерлери бир катар саясатчылардын жана активисттердин үйүнө барып тинтүү жүргүзүшкөн — тинтүү учурунда айрымдарынын телефондору да алынган. Андан соң милиция аларды кармап кеткен.

Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен. Андан тышкары, кармалгандардын бир бөлүгү — 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү.

Жарандык көзөмөл комитети бийликти Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы пикир айткан активисттерге карата репрессияны токтотууга чакырды.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жашыруун гриф». Канат Исаевге кайсы берене менен айып тагылганы айтылган жок

Өмүрбек Текебаев: Активисттерди коркутуу жана кармоо жакшылыкка алып келбейт