Мирзиёев: «Түндүк Сох» газ кампасын кайра иштетүү боюнча Кыргызстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 1-февралдагы жыйында «Түндүк Сох» жер алдындагы газ сактоочу кампасын кайра иштетип баштоо боюнча Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу Өзбекстандын улттук маалымат агенттиги жазды.

«Тилекке каршы, Сохтогу жер алдындагы газ сактоочу кампа айрым бир себептерден улам жабылган. Биз бул маселени Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарыбыз учурунда [президент] Садыр Жапаров менен дагы макулдаштык. Жакын арада биздин энергетика министрибиз Кыргызстанга барып, техникалык жагдайларын макулдашып келет», — деди Мирзиёев.

Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, газ сактоочу кампанын негизги бөлүгү Кыргызстанда, ал эми компрессорлору Өзбекстандын аймагында экенин, учурда объектти биргеликте пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

Мирзамахмудовдун маалыматына ылайык, жер алдындагы «Түштүк Сох» газ сактоочу кампанын көлөмү болжолу менен 2,5-3 млрд куб метрди түзөт, анын ичинен 1,3 млрд куб метр газы колдонулушу мүмкүн, калганы буфердик аймакта турат.

«Бул биз кышында өрөөнгө күнүгө 13 миллион метр куб газ жеткире алабыз дегенди билдирет. [...] Объектти биргелешип пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биринчи кезекте, жумушчу топ бардык техникалык жана экономикалык жагын ийне-жибине чейин карап чыгат. Имарат көп жылдан бери колдонулган эмес, баарын тыкыр карап чыгып, анализдөө керек. Андан кийин шарттары макулдашылат. Балким, бул ижара шарты менен болоттур, бирок азырынча бир нерсе дегенге эртелик кылат», — деп түшүндүрдү министр.

Кыргызстандын Энергетика министрлигинен бул боюнча кийинчерээк маалымат берилерин айтышты «Клоопко».

«Түндүк Сох» газ сактагычы

Министрлер кабинети 2022-жылдын июнунда эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан «Түндүк Сох» жер алдындагы газ сактоочу кампасын Энергетика министрлигине өткөрүп берүүнү тапшырган.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасы түзүү жөнүндө токтомго кол коюп, ага жаратылыш газын жана суюлтулган газды ташуу, сактоо, кайра иштетүү, мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды сатуу боюнча улуттук оператордун укуктары берилген.2022-жылдын ноябрында Жапаров газ сактоочу кампа «Кыргызгазтранс» мамлекеттик ишканасына өтүп жатканын билдирген.

Жапаров ошол убакта эле Өзбекстандын бийлигине газ сактоочу кампаны биргелешип пайдаланууну сунушталып жатканын айткан болчу.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.