УКМК: Аксыда акушер-гинеколог пара алып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу кармалды. Бул тууралуу УКМК 3-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, атайын кызматка акушер-гинеколог акча талап кылып жатканы боюнча арыз түшкөн. 2-февраль күнү шектүү өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылынган акчаны алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.

УКМКнын аталган облустагы башкармалыгы опузалап пара алуу жана башка мыйзам бузуу фактылары болсо тургундар (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 номерлери аркылуу кайрылса болорун эскертет.

Автору: Аида Турсуналиева