Бир кадр менен: Кемпир-Абад боюнча кармалып, абактын тар бөлмөсүндө жаткан айымдарга арналган эмгек

Сүрөтчү жана жазуучу Алтын Капалова Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, абактын 30 чарчы метрлик тар бөлмөсүндө жаткан тогуз аял тууралуу пост жарыялады. Анда абактагы шарттар тууралуу айтылат.

Капалова посттогу баяндоого активист Рита Карасартованын абактагы шарттар тууралуу ТИЗО-1ден жазган катын колдонгон.

«ТИЗОдогу биздин бөлмөнүн аянты 5х6 = 30 чарчы метр, он кишиге ылайыкталган ( камерада тогуз аялбыз). Бөлмөдө уктай турчу эки кабаттуу керебеттер, тамак жасоочу электр плитасы, муздаткыч, идиш жуучу чорго жана даараткана бар, ушунун баары 30 чарчы метрлик бөлмөдө. 30 чарчы метр жерде тогуз аял күнү-түнү тергөө менен сотту күтөбүз», — деп жазган Карасартова.

Алтынай Капалованын эмгеги                                                                                                          

Ал эми Алтын Капалова жаш баладай адилеттүүлүк болоруна ишенерин белгилеп, эмгегин саясий туткан айымдарга арнаганын кошумчалаган.

«Мен жомокторумдагы жаш баладаймын — дайыма жакшылык жана адилеттүүлүк болоруна ишенем. Ал эми көлөкөсүнөн корккон акмактар ​​кайсы бир күнү суу жүрөк жана кылмыштуу иштери үчүн жооп берерине ишене берем», — деген Капалова.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында милиция бийликти Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп бергени үчүн сындаган саясатчылар жана активисттер массалык түрдө кармалган. Кемпир-Абад иши боюнча жалпы 30га чукул адам кармалган.

Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

ИИМ алардын баарына «Массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагып жатат. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган. Алардын бири Орозайым Нарматова 30-январда ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Кармалгандар күнөөсү жоктугун, кылмыш иштер «токулганын» айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Кийинчерээк ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен «жашыруун» макамын берген. Бул бардык сот отурумдары жабык режимде, айыпталуучулардын жакындары, журналисттер жана көз карандысыз байкоочулар катыша албайт дегенди билдирет.