Ден соолугу кескин начарлаган Орозайым Нарматова үй камагына чыкты

«Кемпир-Абад иши» боюнча камакка алынган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова 30-январь күнү үй камагына чыкты. Маалыматты «Клоопко» Бишкектин Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Мекеменин билдирүүсүндө Нарматованын камакка алуу бөгөт чарасы 20-февралга чейин үй камагына өзгөртүлгөнү айтылат.

Ал эми ушул эле «Кемпир-Абад ишинин» алкагында камакта жаткан дагы бир активист Али Шабдандын жубайы Нурайым Сыдыгалиева Орозайым Нарматованын саламаттыгы начарлап, ооруканада экенин айтып чыкты. Сыдыгалиева бул тууралуу Твиттерге жазды.

«Орозайымдын абалы оорлогондуктан үй камагына чыгарышты. Азыр ооруканада. Тез арада сакайып кетсе экен, аны ушул акыбалга жеткиришкени кандай өкүнүчтүү», — деп жазды Сыдыгалиева.

Орозайым Нарматова 

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы, «Бүтүн Кыргызстандын» активдүү мүчөсү Орозайым Нарматова 2022-жылдын октябрь айында «Кемпир-Абад» суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 20дан ашык активист жана саясатчылар менен бирге кармалган.

Күч органдары кармалгандарга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп атап, калыс териштирүүнү суранып президентке кайрылып, ошондой эле бир катар нааразылык акцияларына чыгышкан.

Ал эми камактагы активисттер ачкачылык жарыялашкан. Ачкачылык жарыялагандан кийин Орозайым Нарматованын саламаттыгы начарлап, текшерүүдөн өтүү үчүн ооруканага алып келинген.

Анда көз карандысыз дарыгер Бермет Барыктабасова Нарматованын абалы канааттандыраарлык эмес деп жазган.

«Үнү киркиреп, аста чыгып калыптыр. Араң, онтоп,“картаң” кишидей басып жатат. Кан басымы туруктуу эмес, бирде 80/60ка түшүп, бирде 140/80 чыгып жатат (тез жардам келген). Өңү купкуу болуп, тырмактарынын үстү агарып, колу-бутунун учу муздак тартып, тилин ак тартып кеткен», — деп билдирген дарыгер.

Ал эми 27-декабрда, ачкачылыктын 14-күнүндө Нарматова сот залында эс-учун жоготуп кулаган.

Ал арада Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келип, эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесине чекит коюлган.